Айрым адамдарда коронавируска тубаса иммунитети болушу мүмкүн

© AFP / OSCAR DEL POZOМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Дарыгер белгилегендей, тубаса иммунитет бир гана коронавируска эмес, башка инфекцияларга карата дагы болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Теория боюнча адамда коронавирустун кайсы бир штаммына тубаса иммунитети болсо, башка штаммына жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге дарыгер-инфекционист Николай Малышев билдирди.
"Тубаса иммунитет бир гана коронавируска эмес, башка инфекцияларга карата дагы болушу мүмкүн. Керек болсо чума дагы болжол менен калктын төрт пайызына жукпайт", — деди Малышев.
Буга чейин Роспотребнадзордун эпидемиологу Александр Горелов Россияда коронавирустун бир эле штаммын эки ирет жуктурган учур каттала электигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0