Дарыгер: колбаса ракка кабылуу коркунучун жогорулатат

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүГипермаркетеги колбаса. Архив
Гипермаркетеги колбаса. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Мясниковдун айтымында, колбасанын курамындагы айрым заттар рак илдетин күчөтөт. Мындай эт азыгын көп өлчөмдө колдонуу айрыкча эркектердин ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып колбасанын адам өмүрүнө коркунуч туудура турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Колбасадагы натрий нитраттары рак илдетине кабылуу коркунучун жогорулатат. Натрий нитраттарынан тышкары колбасанын курамындагы май, шекер сыяктуу заттар 2015-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан расмий түрдө канцероген (ырбаак шишиктердин организмде жаралышына себепкер зат — ред.) катарына киргизилген", — деди Мясников.
Ал ошондой эле колбаса азыктарын жана тамекини жарнамалоого тыюу салуу керектигин баса белгилеген. Анын айтымында, колбасаны көп өлчөмдө колдонуу эркектердин ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0