17:16 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
50020

Акыркы кезде абанын, экологиянын бузулушу жана тамак-аштагы жасалма кошулмалардын көбөйүшү менен аллергиядан жабыркагандар өсүп барат. Өкүнүчтүүсү, бул илдет балдар арасында да көбөйүүдө.

Негизи эле аллергияны кантип алдын алууга болору туурасында кененирээк сүйлөшүү максатында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры Жаңылай Абдималик кызы менен маектештик.

— Балдар аллергиясы тууралуу статистикага кайрыла кетсек, акыркы убакта аллергияга кабылган балдардын саны өсүптүр.

— Ооба, көбөйүп жатат. Мурда мезгилдик аллергия болгондор көп келсе, азыр кышында жана жайында деле аллергия болгондор кайрылууда. Негизинен жаз-күз мезгили аллергиянын күч алган учуру деп эсептелинет.

— Организмде токсиндер көбөйүп, иммунитеттин түшкөнүнөн улам аллергия келип чыгат дешет. Учурда аллергияны шарттаган негизги факторлор кайсылар болууда?

— Тамак-ашты айтсак болот. Азыркы азык-түлүктүн баарында эле химикат көп. Таза бышырылбаган фастфудду көп жеп, газдалган суусундуктарды ичип жатабыз. Муну менен катар абанын, экологиянын булганышы да аллергияны шарттайт. Акыркы убакта кышкысын Бишкекти ыш каптап жатканы да терс таасирин берүүдө. Ошондой эле мурункуга караганда автоунаалар көбөйүп кетти. Өзүңөр билгендей, машиналардан уулуу зат бөлүнүп чыгат. Ошондон улам да аллергия пайда болот. Бейтаптардын кышында да аллергия менен кайрылып жаткандыгынын себеби ушул. Мындан тышкары, гендин да таасири бар. Анткени ата-энесинде же чоң ата-чоң энесинде аллергиялык фактор бар болсо, балада да кездешүүсү ыктымал.

Врач-педиатр Национального центра охраны материнства и детства Жанылай Абдималик кызы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаңылай Абдималик кызы: мурда мезгилдик аллергия болгондор көп келсе, азыр кышында жана жайында деле аллергия болгондор кайрылууда

— Буга чейинки маектериңизде баланын аллергия болуп калуусун алдын алууну эне кош бойлуу кезинде эле башташы керектигин айтыптырсыз. Кандай чараларды көрүү керек?

— Негизи түйүлдүк пайда болгондо эле эне өзүнүн жүрүм-турумун абдан жакшы карашы зарыл. Аллергиялык тамактарды жебеш керек. Жаңгак, цитрус өсүмдүктөрү да аллерген болуп саналат. Ошолордун бардыгынан алыс болууга аракет кылуу кажет. Эгер эненин кайсы бир тамактарга аллергиясы бар болсо, сактанып, аны такыр эле жебей койгону туура.

Абдималик кызы: аллергияны бала курсакта кезинде эле алдын алыш керек

— Негизи балдар арасында азыр кайсы аллергиянын түрлөрү кеңири таралган?

— Көбүнчөсү эле тамак-аш аллергиясы. Бирок көбү эмнеден аллергия болгонун билбей "биз муну жеп эле жүргөнбүз" дешет. Аллергия иммунитет түшүп кеткенде же аллергендер топтолуп отуруп чыгат. Ал эми экинчиси — мезгилдик аллергия. Өзгөчө бак-дарактар бүрдөгөндө же гүлдөрү түшкөндө чаңдашуу жүрүп, ушул маал аллергияны көп козгойт. Мындан тышкары, кышында сууктан аллергия болуу да бар. Мында сууктан ысыкка киргенде денени кызыл бүдүрлөр каптап, бөрү жатыш чыгып кетет. Айрым ата-энелер жеке гигиенаны сактабагандыктан ымыркайда аллергия пайда болушу мүмкүн. Жаш баланы аябай жылуулап же памперстен денеси кызарып, бышып кеткенде жакшы карабай коюшат. Ал акырындан жара болуп, аллергиялык дерматитке айланып кетет. Булардын баарын аллергияны шарттоочу фактор катары атасак болот.

— Алдын алуу  үчүн эмнени сунуштайт элеңиз, мисалы, организми сезгич балдарга кандай шарт түзүп беришибиз керек?

— Азыр экологиялык таза азык-түлүк, буюмдарды табуу кыйын болуп калды. Ошентсе да аракет кылуу керек. Жадагалса жер-жемиш, мөмө-жемишти жегенде да таза жууп-тазалап берүү абзел. Ушу тапта тооктун жүнүнөн жасалган жаздыктарга же синтепон жууркандарга аллергия көп болуп жатат. Үй жаныбарларына же үй өсүмдүктөрүнө, гүлдөргө да аллергия болуп көп келишет. Ошолордун баарын чектөөгө аракет жасоо абзел. Балдарды таза кармайм деп ар кандай шампунь, түрдүү жуунуучу каражаттарды ала берүүгө да болбойт. Анткени ар кандай ароматизаторлор кошулгандыктан аларды да тандап алганды билүү кажет. Жаш балдардын жуунуучу каражаттарына гипоаллергиялуу деп жазып коюшат. Буга да көп ишене бербеш керек. Баланы жуунтканда совет мезгилинен бери келе жаткан кадимки кир самынга токтолмокмун. Кийимдерин деле кир самын менен жууп, жакшынакай үтүктөп койсо аллергендер азаймак. Азыр апалардын көбү эле баланын кийимдерин автомат машинага салып коюшат. Ал эми баланын кийимин аялдардын 40-50 пайызы гана үтүктөп калды. Өзгөчө бул ымыркай балдарга тийиштүү. Ал эми андан жогорку жаштагы балдарга сокторду көчөдөн сатып бергенди оңой көрөбүз. Үйдөн компот кайнатып берсек кандай жакшы. Балдарды таттууга көп көндүрбөш керек. Мындан тышкары, аллергиясы бар балдар жаз-күз мезгилинде шаар четине же чөп-чарга чыкпай турганы оң.

— Аллергияны көпчүлүк ата-энелер башка оору менен алмаштырып алган учурлар болот. Көбүнчө кайсы илдет менен адаштырып алышат?

— Аллергияны инфекциялык жана кан тамырлар оорусу геморрагиялык васкулит менен алмаштыргандар бар. Геморрагиялык васкулитти ата-энелер эмес, дарыгерлер да айырмалай албастан аллергия катары дарылап жаткан учурлар кездешет. Анткени бул ооруда да аллергиядай эле баланын денесине майда кызыл тактар чыгып калышы ыктымал. Ата-энелер үйдө отуруп алып эле аллергияга каршы дары берип же болбосо гормоналдык дарыларды денесине сүйкөп коюшат. Ал убактылуу эффект бергени менен кеткенден кийин кайра эле чыга бериши мүмкүн. Ошол себептен доктурларга кайрылышы керек.

Врач-педиатр Жанылай Абдималик смотрит рентген-снимок пациента во время работы
© Фото / из личного архива Жанылай Абдималик кызы
Жаңылай Абдималик кызы: азыркы азык-түлүктүн баарында эле химикат көп. Таза бышырылбаган фастфудду көп жеп, газдалган суусундуктарды ичип жатабыз

— Дарылоо этаптары кандай болот?

— Биринчи келгенде эле ата-эненин датын угабыз. Аллергиялык оору болсо кычышуу менен чектелет. Инфекциялык ооруда кычышпай деле таасир эте берет. Дене табын да сурайбыз. Мүмкүн жараат алгандыр. Кыскасы, оорунун тарыхын же белгилерин туура, так билип алуубуз кажет. Эгер денесине бүртүкчөлөр чыкса, ал кандай башталды, ылдыйдан өйдө чыгып баштадыбы же тескерисинчеби, булар да маанилүү. Аллергиянын тактары таман менен алаканга жана ооз көңдөйүнө көп чыкпайт. Ушундан да башка оорудан айырмаласа болот. Геморрагиялык васкулит ооз көңдөйлөргө чыгышы мүмкүн. Аллергиянын кооптулуугу денени шишик басып, андан адам дем ала албай калышы ыктымал. Аллергиянын эң кооптуусу — дары-дармекке болгон аллергия. Андан да коркунучтуусу — Лайел синдрому. Мында организмдеги аллергиянын баары күчөп отуруп, теринин сыйрылып түшүп калышына чейин жеткирет.

— Аллергиядан улам жер которууга да туура келген учур болот. Балдар чоңойгон сайын иммунитети да күчтөнүп отуруп, айрым аллергиянын белгилери жоголуп кетиши мүмкүнбү?

— Жок, жоголуп кетет деп айтуудан алысмын. Анткени организмде качандыр бир убакта аллергия болгон болсо, организм да ага баш ийип калат. Аллергендер менен байланыш болбой, жаңы дары-дармек алып жаткан убакта да текшертип көрүп алуу керек. Ошондой эле тамак-аш жегенде абайлоо кажет. Мурда жеп көрбөгөн жемишти, тамакт-ашты жегенде байкоого туура келет. Айрымдарына аллергиялык реакция бериши мүмкүн. Кээ бир балдардын эмнегедир кызылга аллергиясы болот. Кызыл жер-жемиш, тамак-аш эмес, кызыл кийсе да аллергия болгондор бар. Анткени боёктору көп, ал эми боёк химикаттардан турат.

— Сиздин практикаңызда аллергияга байланыштуу адаттан тыш окуялар болду беле?

— Жакында эле мага денесин бүргө чаккан баланы алып келишти. Денесине бөрү жатыштай бүдүрлөр чыгып кеткен. Ата-энеси бүргө чаккандыкы дешип көп көңүл бурбай жүргөн экен. Байкуш бала денеси кычышканынан аябай кыйналган. Ата-энелер ушундай учурларды да айырмалай билүүсү кажет. Курт-кумурска чаккандан кыйналып жатабы же аллергия болуудабы? Көбүнчө бала мындай абалга аары чакканда кабылат. Эми адам дайыма аарыдан качып жүрө албайт да, аллергиясы барларды аары чакса сөзсүз медициналык жардам алышы керек.

Врач-педиатр Жанылай Абдималик кызы с коллегами
© Фото / из личного архива Жанылай Абдималик кызы
Жаңылай Абдималик кызы: негизи түйүлдүк пайда болгондо эле эне өзүнүн жүрүм-турумун абдан жакшы карашы зарыл. Аллергиялык тамактарды жебеш керек.

— Баланы аллергендерден сактап, өзүнө туура кам көрүүгө үйрөтүү мүмкүнбү? 

— Баланы кичинесинен эле эшиктен киргенде колун самындап жууганга, таза жүргөнгө үйрөтүү зарыл. Ийкемдүү келгендиктен ага тез эле көнүп, адатка айлантып алат. Ошондой эле баланын аллергиясы бар тамактарды же мөмө-жемишти "сен жебе" деп ага бербей башкалар жеп отуруп алганы туура эмес. Алар да ошол азыкты үйгө алып келип жебегенге көнсө, балага колдоо болот.

— Муну менен катар эле ар кандай компаниялар аллергияга каршы БАКтарды (БАД), витаминдерин сунушташат. Аларга ишенүүгө болобу?

— Дарыгер катары бул нерсеге толук ишенбегиле деп айтар элем. Анткени медицинада ар бир дары алгач тастыктоочу базадан өтөт. Ал эми БАКтарда тастыктоочу база жок. Бизде бир жолу ушундай учур болгон. Бир бейтап бир фирманын кальцийин ичип жүрүп, эки жумадан кийин бала аллергия болуп, кусуп кыйналган. Анын баарын ошол БАКтан же витаминден болду деп эч ким тастыктап бере албайт. Тастыктаса да мойнуна коюп берүү мүмкүн эмес. Ошол себептен ар кимге ишенбей, андан көрө оорусуна жараша дары ичкен туура. Ар бир балага жеке мамиле кылабыз. Дары бергенде ар кимдин тилин укпаш керек. Баланын салмагына, оорусунун мүнөзүнө жараша берилет. 

— Мисалы, адам аллергиянын кайсы бир түрү менен ооруган болсо, аны убагында дарылабаса андан курчураак оорулардын түрлөрүн чакырат дешет. Ушундайбы?

— Эгер денедеги аллергия болсо, ал бара-бара жарылып, бактериялык инфекциялык ооруга айланып кетет. Буга гигиенаны сактабагандык да себеп болот. Ошондой эле аллергиялык ринит же аллергиялык конъюнктивит жүрүп отуруп астмага алып келиши мүмкүн. Кооптуусу ушул экөө. Анан аллергиядан шишип кетсе, бала дем ала албай калат. Ушундан сактаныш керек. Ата-энелерди балага ар кандай кошулмасы бар тамактарды сатып бербөөгө жана кургак сүт эмес, колдон келсе эненин сүтүн эмизип чоңойтууга чакырат элем. Жасалма сүт ичкен балдардын көбү аллергияга чалдыгып калат.

Врач-педиатр Жанылай Абдималик в СИЗ во время работы
© Фото / из личного архива Жанылай Абдималик кызы
Жаңылай Абдималик кызы: аллергияны инфекциялык жана кан тамырлар оорусу геморрагиялык васкулит менен алмаштыргандар бар

— Аллергиясы барларга атайын туз чыккан жайга барып дарыланууну сунуштап жатышпайбы. Балдарга, дегеле аллергиясы барларга мындай жерлер жардам береби?

— Бул толук далилденген эмес. Мындай жайларга өзгөчө денесинде ар кандай жарасы бар адамдар барса пайда келтирет. Бирок ооруган адам андан жакшы болгону менен башкалар суу аркылуу инфекция жугузуп алышы мүмкүн. Ошол себептен мен мындай жайларга барууга кеңеш бербейт элем.

— Айрым аллергиктердин кайсы бир дарыга аллергиясы болот. Мисалы, эң кооптуусу тишке барганда ооруну сездирбөөчү препаратка аллергиясы барлар анализ тапшырат. Эгер кайсы бир дарыга аллергиясы жок деген анализдин жыйынтыгы чыкса, коркпой эле сайдыра берүүгө болобу же организмдин дарыга реакциясы өзгөрүп кетиши да ыктымалбы?

— "Сактанганды Кудай сактайт" демекчи, ар барган сайын текшертүү (проба) туура болот. Анткени ошол эле дарынын түрүнө буга чейин аллергия болбой жүрүп, кайра болуп калышы мүмкүн. Ал дарыны чыгаруучулар ар кайсы жактыкы болгонуна да байланыштуу деп ойлойм. Мисалы, дарынын бир эле түрүн бир нече фармкомпания чыгарат. Организмдин реакциясы өзгөрбөгөн менен дарынын курамы алмашып кетиши ыктымал. Бирок аллергия кармап жаткан мезгилде организмдин сезгичтиги күчөйт.

Тема боюнча

Лабораториялык борбордун жетекчиси: вирус барган сайын өзгөрүп жатат
Белгилер:
аллергия, бала, дары-дармек, медицина, Жанылай Абдималик кызы

ЭҢ МААНИЛҮҮ