Комиссия муфтиятта зыяратчылардын 157 млн. сому жоголгонун аныктады

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилер акча берип жатышат. Архив
Кишилер акча берип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Зыяратчылар доллар менен берген акчасын сомго айлантып депозитке салып, 33 миллион сом пайда көрүшкөн. Бирок кайра долларга конвертацияга кылганда 775 миң долларга артка кетишкен.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши муфтияттагы каржылык махинацияны текшерген комиссиянын корутундусун жарыялады.
Ага ылайык, учурда зыяратчылардын берген акчасына жалпысынан 1 894 115 доллар жетпей жатат. Муну улуттук валюта менен эсептегенде 157 миллион сомдун тегереги болот.
"2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9 586 кыргызстандык катталган. Анын ичинен 5 519 адам 3 350 доллардан, 4 172 адам 500 доллардан (анын ичинен 105 киши базага катталган эмес) берген. Мунун суммасы 20 миллион 574,6 миң долларды түзөт", — деп жазылган маалыматта.
Былтыр пандемияга байланыштуу кыргызстандыктар ажылык сапарга барбай калган. Алар төлөгөн каражат муфтиятта сакталып турган.
Бул учурда диний мекеме каржылык жардам деген жүйө менен бир канча адамга карыз берип турган.
Алар төмөнкүлөр:
  • 2020-жылдын 18-августунда "Налоговый Представитель" ишканасына каржылык жардам катары 2 миллион долларды 77,5 курсу менен конвертациялап 155 миллион сом берген. Келишим боюнча каражат 31-декабрга чейин кайтарылмак, ал 2021-жылдын 21-январында кутулган. Бирок кайтарган учурда доллардын курсу 84,5 сомго чыгып кеткен, мындан улам конвертациялаганда 1 834 319 доллар болуп калган. Мындай курстук айырмадан муфтият 165 681 доллар зыян тарткан.
  • "Фарватер" ишканасы 2017-жылдын январынан баштап 115 453 200 сомдук каржылык жардам алып, өткөн жылдын 21-декабрына чейин баарынан кутулган.
  • Жантаев Б. Т. аттуу жеке ишкерге 2019-жылдын 24-декабрында 700 миң доллар каржылык жардам көрсөтүлгөн. Ал быйыл 21-апрелге чейин 553 884 миң долларын кайтарган. Калган карызын бере элек.
  • Жалалидин Акыбаев аттуу жаран 2019-жылы 27-декабрда 200 миң доллар алып, кайра бир айдан кийин кайтарган.
  • Мындан сырткары, 300 миң сомго чейинки суммада дагы үч адамга акча берилген.
Ал эми 2019-жылы январда муфтияттын наамына "РСК банктан" депозиттик эсеп ачылып, 2020-жылдын 29-майына чейин 894,6 миллион сом (жети жолу) салынган. Бирок муфтият келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн мурда үч жолу депозитти токтоткон, бул учурда банк түшчү пайданы, тагыраак айтканда, 10,1 миллион сом берген эмес. Аны менен катар депозиттеги акчаны чыгарып, кайра долларга айлантканда курстан айырма болуп баштапкы суммасына 775 465 доллар жетпей калган.
Теспе кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Мамкызматкерлер бут тосуп. Муфтийди шайлоо дагы өтпөй калышы ыктымал болууда
Бирок бул депозитке салынган акчадан 33 миллион сом пайда көрүп, ал акчаны банктан чыгарып кетишкен. Бүгүнкү күндө муфтияттын депозитинин пайызынан түшчү эсепте 92 миң сом гана турат. Комиссия калган сумма дагы муфтиятка кайтарылышы керек деп эсептейт.
Каржылык махинацияны текшерген комиссияга муфтиятта иштеген 10 адам мүчө болуп кирген. Анын корутундусуна муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кол койгон.
Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин башкы эсепчиси Жеңиш Бекиевди кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалып, сот сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган. Кийинчерээк эсепчиси да үй камагына чыгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0