Бишкекке учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды. "Манас" себебин айтты

© Фото / пресс-служба авиакомпании Somon Air Тажикстандын "Сомон Эйр" компаниясынын учагы. Архив
 Тажикстандын Сомон Эйр компаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизүү чечимин 21-май күнү кабыл алган. Азырынча тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип, өлкө ичинде жүрүп жана КРди транзиттик өлкө катары пайдалана албайт.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Тажикстандын "Сомон Эйр" компаниясынын чартердик каттам менен Бишкекке учуп келген учагындагы тажик жарандары кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Аба кемеси кечээ, 25-май күнү, "Манас" аэропортуна учуп келген. Анда 198 жүргүнчү болгон.
"Айрым ЖМКларда айтылып жаткандай, тажик жарандары аэропортто калып калышкан жок. Учакта үчүнчү өлкөлөрдүн 9 жараны болгон. Алар Бишкек шаарында калып, калгандары Душанбе шаарына учуп кетишти", — дешти маалымат кызматтан.
Манас аэропортунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
"Манас" аэропортунда жыйынтыгы 1,5 саатта чыккан ПЦР-лаборатория ачылат
Түшүндүрмөгө караганда, буга Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкандыгы себеп болду.
Эске салсак, Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизүү чечимин 21-май күнү кабыл алган. Азырынча тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип, өлкө ичинде жүрүп жана мамлекетти транзиттик өлкө катары пайдалана албайт. Ошондой эле "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордобо" жана "Карамык" өткөрүү пунктулары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0