Бурулайдын өлүмү. Кызматтан алынып кайра эле иштеп жаткан милиционерлердин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековСамые крупные граффити в Бишкеке
Самые крупные граффити в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Чуулуу иштердин арты менен кызматтан алынган укук коргоо органынын кызматкерлери кайра эле Ички иштер министрлигинде иштеп жатканы белгилүү болду.
2018-жылы Кыргызстанда 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө өлтүрүлүшү төбө чачты тик тургузган. ИИМ бул окуяны "кыргыз милициянын бардык кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапты" деп баалаган. Мамлекет башчы дагы буга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабын койгон. Мындан улам Ички иштер министрлиги 23 милиционерди жазалаган.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ИИМге кайрылып, Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу кызматтан бошотулган тартип сакчыларынын канчасы кайра иштеп жатканын сурады.
Сегиз кызматкер иштен алынган:
  • Чүй облустук милициянын башчысы Нурлан Сарчаев;
  • Чүй облустук милициянын башчысынын орун басары Канат Жумаев;
  • Чүй облустук милициянын башчысынын орун басары Марлис Асанов;
  • Жайыл РИИБдин жетекчиси Муратбек Исмаилов;
  • Жайыл РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоо жайынын башчысынын орун басары А. Аблабеков;
  • Жайыл РИИБдин тергөөчүсү Э. Кадышев;
  • Чүй облустук ЖКККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Т. Ниязалиев жана улук нөөмөтчү инспектор Т. Макашов.
Министрликтин маалыматы боюнча, жогоруда аталгандардын бешөө учурда милицияда иштеп жатат.
"Полковник Канат Жумаев, полковник Марлис Асанов, полковник Муратбек Исмаилов, кенже лейтенант А. Аблабеков жана подполковник Т. Ниязалиев учурда ички иштер органдарында иштеп жатат", — деп жазылган ИИМдин жообунда.
Бирок кандай кызматты аркалап жатканы айтылган жок. Ачык булактардагы маалымат боюнча, Марлис Асанов учурда Талас облустук милициянын башчысынын милдетин аткарып жатат.
19 жашында жайраган Бурулайдын окуясы кандай болгон. Видеохронология - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2018
19 жашында жайраган Бурулайдын окуясы кандай болгон. Видеохронология
Ал эми полковник Нурлан Сарчаев, лейтенант Эржан Кадышев жана улук лейтенант Т. Макашов кызматтан биротоло кеткен. ИИМ иштен алынган Жайыл райондук милициянын беш кызматкери азыр милицияда иштебей жатканын айтты. Алар РИИБдин жетекчисинин орун басары Ж. Абыканов, нөөмөт бөлүмү боюнча улук инспектор Ильич Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн милиционери Н. Эсенкулов, нөөмөт бөлүмүнүн кайтаруу тобунун милиционерлери Мирлан Макеев жана А. Атакулов.
Эске салсак, 2018-жылы 28-майга караган түндө Кыргызстанда төбө чачты тик тургузган окуя болгон. Ошол түндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Бурулай алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.
Коллегия Министерства внутренних дел КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Айзаданын өлүмү боюнча 44 милиционер жазаланып, жетекчилер кызматтан алынды
Кийин сот болуп кызды ала качкан Марс Бөдөшев 20 жылга, окуяга катышкан Акмат Сеитов жети жылга эркинен ажыратылган.
Ал эми айып тагылган милиция кызматкерлери Ильич Иманалиев, Эржан Кадышев жана Мирлан Макеевдин ар бири 260 миң сомдон айыпка жыгылган. Мындан сырткары, жоопко тартылгандар Бурулайдын ата-энесине 100 миң сомдон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген. Сот мындай чечимин айыпталуучулардын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы менен түшүндүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0