Бишкек: балдар ойногон аянтчалардын ишине тыюу салуу мөөнөтү узартылды

© Фото / Pixabay/ Studio-SanyБалдар аянтчасы. Архив
Балдар аянтчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес, бир сутканын ичинде 144 адамдан COVID-19 аныкталды. 
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек мэриясы балдар ойногон аянтчалардын ишине салынган тыюунун мөөнөтүн узартты. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы кызматы кабарлады.
Чоңдор балдарын алып келип ойнотуп кеткен мекемелердин, соода-оюн-зоок борборундагы кичинекейлер үчүн ачылган аянтчалардын иштешине коюлган чектөөнү күчүндө калтыруу чечими кабыл алынды. Маселе коронавирус боюнча кырдаал жакшыргандан кийин кайра каралат.
Белгилей кетсек, борбор калаада соңку бир сутканын ичинде 144 адамдан COVID аныкталып, сегиз бейтаптын көз жумганы айкын болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0