Башка районго которулган акимдерге үй берилеби? Расмий жооп

Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Аткаминер пандемиядан улам өлкөдө экономикалык абал жакшы эмес экенин айтып, акимдерди үй менен камсыздоо оңой эместигин белгиледи.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Башка райондорго ротацияланган акимдерди үй жана башка шарт менен камсыздоо маселеси жекече чечилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинский Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Эске салсак, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өлкөдөгү дээрлик бардык акимдер ротация болгон.
Тарбинскийдин айтымында, акимдер кызыкчылыктар кагылышын, коррупциялык тобокелчиликти болтурбоо максатында которулган.
"Коронавирус пандемиясынан улам өлкөдөгү экономикалык кырдаал анча жакшы эмес. Акимдерди турак жай менен камсыз кылуу да оңойго турбайт. Ошондуктан ар бири өз алдынча чечилет. Чет мамлекеттерде мындай учурда үй берилет, бизде бул маселе мүмкүнчүлүккө жараша чечилмекчи. Өлкөнү кыдырганда элдин акимдерге арзаныраак турак жай бергенин көргөм. Албетте, алардын жакшы иштөөсү үчүн үй маселеси чечилип берилет", — деди Тарбинский.
Ал райондорду өлкө келечегин ойлогон адамдар башкарышы керек экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0