Эдуард Кубатов Эвересттин чокусунан кыргызстандыктарга кайрылды. Видео

© Фото / предоставлено Эдуардом КубатовымАльпинист Эдуард Кубатов. Архив
Альпинист Эдуард Кубатов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Эдуард Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында чокуну багындырган. Ал кыргыз элине жолдогон кайрылуусун бүгүн социалдык баракчасына жарыялады.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Эверестке чыккан Эдуард Кубатов Жер шарынын эң бийик чокусунда туруп кыргызстандыктарга кайрылган видеосу менен бөлүштү.
Альпинист Facebook баракчасына жарыялаган видеосунда жеңишин кыргыз элине арнай турганын айткан.
"Кыргыз элим, бүгүн, 23-майда, 8 саат 35 мүнөттө Эвересттин чокусуна чыктым. Кыргыз элим, касиеттүү менин мекеним, ушул жеңишимди силерге арнайм. Эркиндигибизди, касиетүү жерибизди, эгемендүүлүгүбүздү сактап калалы", — деген ал.
Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эверестти багындырган.
Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.
Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Бишкектен Ошко чуркачу жөө күлүк Осмонбеков: азап тартып деп жактырбагандар бар
Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп чокуга 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.
Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.
Мекендешибиз Эверестке сапар алганда Sputnik менен маектешкен болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0