Коронавирус Бишкектен 8 адамдын өмүрүн алып, 298 киши оору жуктурду

© AFP / NHAC NGUYENМедициналык кызматкер COVID-19га мазок алып жатат
Медициналык кызматкер COVID-19га мазок алып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Кечээтен бери оору Бишкек менен Чүй облусунун жашоочуларынан көп аныкталган. Ал эми Баткенде ооругандар катталган эмес.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бир суткада 298 кишиден коронавирус табылып, 314 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, илдет жуктургандардын көбү Бишкек менен Чүй облусунда. Ал эми Баткенде ооругандар катталган эмес.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 144;
  • Ош – 23;
  • Чүй облусу – 86;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 5.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 103 миңге жетип, анын ичинен 96 433 бейтап айыкты.
Айыккандар:
  • Бишкек – 228;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 8.
Бир сутка ичинде сегиз бейтап коронавирустан каза тапкан. Анын баары Бишкек шаарында катталып, өлүм учурларынын жалпы саны 1 765ке жетти.
Азыркы учурда 1 575 киши ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 420 бейтаптын абалы оор болсо, 90 киши өтө оор абалда жатканы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0