Арча-Бешик конушундагы 28 млн. сомдук беш жер тилке мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Арча-Бешик конушу. Архив
Бишкектеги Арча-Бешик конушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Мындан 15 жыл мурун Ленин райондук администрациясы тарабынан жер тилкелери турак үй куруу үчүн жеке жактарга берилип кеткен.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекте баасы 28 миллион сомдон ашкан жер тилкелери мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылы Арча-Бешик жаңы конушундагы беш жер тилкесин турак үй куруу үчүн жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберишкени аныкталды. Ал жерлер "кызыл сызык" чегинен тышкары жайгашканы айтылат.
Прокуратура уруксатсыз документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акт менен сот органдарына кайрылган. Натыйжада доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0