Мэрия шаарга мектеп, бала бакча салууга кайрадан тендер жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкека мэриясынын имараты. Архив
Бишкека мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Ак-Ордо конушуна салынчу мектептин сметалык баасы 195 миллион 959 миң 79 сомду түзсө, Дордойго курулчу бала бакча үчүн 48 миллион 398 миң 113 сом каралган.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек шаардык мэрия ордо калаага мектеп жана бала бакча салууга кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, тендерден уткандар Ак-Ордо жаңы конушундагы Тагай-Бий көчөсү менен Садыр-Аке көчөсүнүн кесилишине мектеп, Дордой жаңы конушуна бала бакча курат. Буга чейин жарыяланган тендер "Мамлекеттик сатып алуу" мыйзамына тиешелүү 31-берененин 1-пунктунун 2-бөлүмү жана 29-берененин 1-пунктунун 6-бөлүмүнө ылайык өткөн жок деп таанылган.
"Тендерди мэрияга караштуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы уюштурат.  Ак-Ордого салынчу мектептин сметалык баасы 195 миллион 959 миң 79 сомду түзсө, Дордойго курулчу бала бакча үчүн 48 миллион 398 миң 113 сом каралган", — деп айтылат маалыматта.
Каржы булагы шаардык бюджеттен экени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0