Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылы боюнча иш-чаралар уланарына убада берди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы ачылыш аземи. Архив
Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Россия лидери 2020-жылы эриш-аркак жылынын уланышына коронавирус пандемиясы тоскоол болуп калгандыгын айтты.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы боюнча мерчемделген иш-чаралар эпидемиологиялык абал жакшырганда уланарын билдирди. Лидер 200дөн ашык программа коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калганын эске салды.
"Кеп ар кыл багыттар — жаштардын өз ара пикир алмашуусу, ЖОЖдор ортосундагы байланыш жана башкалар туурасында болуп жатат. Бирок эпидемиологиялык абал жакшырганда иш-чаралар Россияда да, Кыргызстанда да уланат", — деген Путин Жапаров менен жолугуп жатып.
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы 2020-жылы жарыяланган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0