Баткенде жабыркагандардын 70%ынын документи калыбына келтирилди

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүБаткендеги качкындар. Архив
Баткендеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Мобилдик топ жабыркагандар убактылуу жашап жаткан жайлардын баарын кыдырып, эл менен жолугуп, документтери жоголуп же өрттөлгөндөрдүн санын алган.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган кыргыз-тажик чек ара аймагындагы айылдардын 136 жашоочусунун документтери калыбына келтирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 2-майдан тарта Мамкаттоо кызматы жер-жерлерде мобилдик калкты тейлөө борборлорун уюштурган.
Мобилдик топ жабыркагандар убактылуу жашап жаткан жайлардын баарын кыдырып чыгып, эл менен жолугуп, документтери жоголуп же өрттөлүп кеткендердин санын алган.
24-майга карата документтерди калыбына келтирем деген 197 киши арыз берген.
Алардын ичинен:
  • 79 ID-паспорт;
  • 14 жалпы жарандык паспорт;
  • 60 туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • 8 нике күбөлүгү;
  • 7 адамдын өлгөндүгү тууралуу документ;
  • 19 айдоочунун күбөлүгү;
  • 8 транспорт каражатын каттаган күбөлүк;
  • 2 КРдин жарандыгын алуу боюнча берилген арыз.
Булардын ичинен 70 пайызы калыбына келтирилип, 136 адамга берилген. Калган документтер даярдалып бүткөндөн кийин жакынкы күндөрү тапшырылары айтылды.
Документтерди калыбына келтирүү бекер жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0