Аялына мыйзамсыз жер берген. Бишкекте мурдагы архитектор шектелүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Аталган факты Кылыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесине ылайык каттоого алынды.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкектеги райондордун биринин мурдагы башкы архитектору кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин шаардык филиалынын жана Бишкек шаарындагы жер тилкелерин ыкчам (убактылуу) колдонууга берүү боюнча комиссиянын өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз жер берилгендиги боюнча фактыны аныктады.
Камактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Улут аралык кастыкты козутууга шектелип Чүйдө эки аял кармалды
Маалыматка караганда, прокурордук текшерүү учурунда Бишкектеги райондордун биринин мурдагы башкы архитектору Ж.М. жогорудагы мекеменин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, А.М. аттуу жубайынын наамына мораторий жарыяланган жерге архитектуралык-техникалык бүтүм чыгартып алууга жардам берген деп шектелүүдө.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен каттоого алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0