Өткөн суткада 191 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду

© REUTERS / Maxim ShemetovОоруканадагы дарыгерелер. Архив
Ооруканадагы дарыгерелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Бир суткада Баткен облусунан коронавирус жуктурган учур катталган эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө оору жуктургандарга салыштырмалуу айыккандар көп.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кечээтен бери 191 адамдан коронавирус табылып, 308 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 121;
  • Ош шаары — 11;
  • Чүй — 28;
  • Ош — 2;
  • Талас — 6;
  • Нарын — 8;
  • Ысык-Көл — 11;
  • Жалал-Абад — 4.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 102 702 адамга жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек — 224;
  • Ош шаары — 7;
  • Чүй — 64;
  • Ош — 5;
  • Талас — 2;
  • Нарын — 2;
  • Ысык-Көл — 4.
Коронавирустан жалпы 96 119 киши сакайды.
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт алты бейтаптын өмүрүн алган. Анын ичинен төртөө Бишкек шаарынан көз жумса, бирөө Таластан, бирөө Чүй облусунда катталган. Азыркы тапта 1 571 бейтап стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0