Ичеги-карынды иштетип, иммунитетти чыңдайт. Авокадонун пайдасы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАвокадо. Архив
Авокадо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Авокадо ден соолукту чыңдагандан тышкары серотониндин деңгээлин көтөрүп, терс эмоция менен күрөшүүгө жардам берери айтылды.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Авокадо көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ, анын ичинде ичеги-карындын иштешине жакшы жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости адистерге таянып жазды.
Витаминдерге жана минералдарга, айрыкча, калийге бай авокадо иммундук системаны чыңдап, сезгенүүлөр менен артрит оорусун алдын алат.
Сбор черники в лесу в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2020
Витаминдерге бай. Организмге пайдалуу деген 10 азык тизмектелди
Мындан тышкары, анын курамындагы антиоксиданттар жашартып, арыктатат. Ошондой эле курамындагы клетчаткалар тамак сиңирүү системасынын иштешин, зат алмашууну жакшыртып, гормоналдык фонго оң таасир берет.
Авокадонун дагы бир белгилей кетүүчү касиети — андагы пайдалуу майлар, калориясынын жогору болгону менен зыяны аз, жадагалса кант диабети менен жабыркагандар колдонот. Бул азык тамактын сиңишине өбөлгө түзүп, азыктардын даамын сездиртет.
Андан сырткары, авокадодогу фолий серотониндин деңгээлин көтөрүп, терс эмоция менен күрөшүүгө жардам берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0