IT адиси болчуларды окутуп, такшалтабыз. Компаниялар бирикмесинин өкүлү менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Бүгүн IT тармагында бирөөнүн ийгилиги эмес, бул тармактын тилин таап өздөштүрүү, иш табуу жана ийгилик жаратуу тууралуу кеп кылабыз.
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова Sputnik агенттигинин журналисти менен маек курду.
— Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин долбоор аркылуу баткендик улан-кыздарды акысыз окуталы деп жатыпсыздар. Катышам дегендер көп бекен?
—"Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо" долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Коронавирус пандемиясында көп адам жумушсуз калбадыды. Ошолор кесипти онлайн өздөштүрүп, үйдө отуруп акча тапса деген максат менен ишибизди баштаганбыз. Катышуучулар бул алты-жети айлык курска символикалуу түрдө 3000 сом төлөчү. Ал эми баткендик улан-кыздар үчүн бардыгын бекер кылдык. Учурда 300дөн ашуун арыз келип түштү. Биз окутула турчу программалар тууралуу маалымат берип жатабыз. Курс толугу менен онлайн болот. Телефон менен лекцияларды уга алышат, бирок практикалык тапшырмаларды компьютер менен аткарганы жакшы. Анысы жокторду Баткен шаарындагы компьютер классынан окутууну пландап жатабыз.
— Ушул курсту канча киши бүттү? Иштеп жатышабы?
— Алгачкы окутууларды күзүндө баштаганбыз. IT —  көп тармактуу багыт. Азыр көбү SEO, SMM, графикалык дизайнер сыяктуу кыска мөөнөттөгү курстарды аяктап, иштеп жатышат. Программалоо тилдери боюнча узак мөөнөттүү курстарга жазылгандар дагы деле окууда. Курсту 200дөй киши бүттү, бир ай мурун чакан бүтүрүү кечесин кылдык.
IT тармагын бат өздөштүрүп кетем дегенден алыс болуу керек. Айрымдар жадагалса компьютер менен иштегенди билбей келет. Андайларды алгач компьютердик сабаттуулук боюнча курстан өткөрүп, анан программалоонун негиздерин окутабыз. Кыскасы, бардыгын нөлдөн баштап үйрөтөбүз.
— "Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо" дегенден тышкары кандай долбоорлор бар?
Инженер-программист Болот Калил уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Ат-Башыда жүрүп Англияда IT-компания ачкан Болот. Программист менен маек
— 2011-жылы тиешелүү мыйзам кабыл алынып, биздин компаниялар экспортко иштеп баштады. Ошондо кадр жетишсиздиги сезилди. Университеттен программисттер аз чыгат. Буга байланыштуу 2016-жылы IT-академия негиздегенбиз, бул тогуз айга созулган жеке курс. Ай сайын 9 миң сомдон, жалпы 81 миң сом төгүшөт. Бирок бул акчаны үч-төрт айда эле актап кетишет. Биздин академиябыз Бишкектен тышкары Кара-Балтада, Караколдо жана Ошто бар.
Ошондой эле IT-лицей деген долбоорду жасап баштаганбыз. Мында Баткен, Нарын, Каракол, Талас, Токмоктогу кесиптик лицейлердин мугалимдерине программанын тилин жана методикасынын үйрөтүп турабыз.
Мындан тышкары, 2018-жылы "Программист айымдар" деген долбоорду ишке ашырганбыз. Бул абдан ийгиликтүү иштердин бири болуп саналат. Анткени 40 орунга 700 адам билдирүү таштаган. Атаандаштык катуу болду. Кыздарды, жаш келиндерди программалоого үйрөткөнбүз. Көбү азыр компанияларда иштеп, ийгилик жаратууда.
Кыздар программалоону окугандан коркушат. Бул тармак эркек балдарга ыңгайлуу, биз жакшы түшүнө албайбыз дешет. Бирок андай эмес. Кыздар майда нерселерге көңүл буруп, жоопкерчиликтүү, тырышчаак келишет. Мунун бардыгы программистке керек.
— Программист дагы кандай сапаттарга ээ болушу зарыл?
— Эң башкысы — эмгекти сүйгөн, каталарынын үстүнөн иштей билген адам болушу керек. Программалоонун тармактарын адам өз каалоосуна жана жөндөмүнө жараша тандайт. Программа, тиркеме, системаны түзгөндөн сырткары маркетолог, Project Manager, аналитик, дизайнер, тестирлөөчү жана башка адистиктери бар. Жок дегенде бирөө адамга ылайыктуу болот, байкап, сынап көрүү керек. Ошондой эле IT кызматкерлери англис тилин үйрөнүп алганы жакшы.
© Sputnik / Табылды КадырбековШирин Муканбетова: "Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо" долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Пандемиянын айынан ишсиз калгандар кесипти онлайн өздөштүрүп, үйдө отуруп акча тапса деген максат менен баштаганбыз.
Исполнительный директор ассоциации IT-компаний Кыргызстана Ширин Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ширин Муканбетова: "Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо" долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Пандемиянын айынан ишсиз калгандар кесипти онлайн өздөштүрүп, үйдө отуруп акча тапса деген максат менен баштаганбыз.
— Азыр маалыматтык технологиянын кайсы тармагына талап күч болуп жатат?
— Кыргызстанда программалоонун PHP тилине талап күч. Жаштар эмнегедир аны эскирип калган, модадан чыккан деп тандабай жатышат. Бирок долбоорлордун басымдуу бөлүгү PHP тилинде жасалат. Компаниялар ушул жааттагы адистерди таап бергилечи деп аябай суранат. Азыр программалоодо Python тили популярдуу, ага кетип калгандар көбөйүп кеткени үчүн жумуш табуу кыйын болууда. Ошондой эле тестирлөөчүлөр, Front-end — сайтты жасаган адистер керектелет. Негизи бүт эле адистикке суроо-талап күч.
— Кыргызстанда программисттер канча алат?
Руководитель IT компании Cybertek в Чикаго Эсен Ниязов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2019
120 миң долларга чейин маяна алабыз. АКШдагы программист Эсен Ниязовдун маеги
— Университет менен курсту бүткөндөр бардык иш сыяктуу эле жарым жыл стажировкадан өтүшү керек. Айрымдары буга акча төлөбөйт, кээ бирлери 200 доллардан берип турат. Ишке жаңы киргендердин айлык акысы 300-500 доллар болот, анан ар жарым жыл сайын кошулуп турат. Көбүнчө 18-19 жаштагылар бул тармакты аркалап жатат. Ата-энелери биз менен тең акча таап калышты деп сүйүнүп калышат. Бул биз үчүн сыймык.
Биздин  компаниялар көбүнчө экспортко иштешет. АКШ, Россия, Казакстан менен кызматташат. Албетте, алардын айлыгы жакшы. Негизи Кыргызстанда туруп деле дүйнө жүзү менен иштешсе болот. Чет мамлекеттин маянасы көп болгону менен жашоосу кымбат.
— Сиздер канча компанияны бириктиресиздер?
— Азыр бирикмеде 45 компания иштеп жатат. Чаканы да, чоңу да бар. Ошол эле бизге кошулбай өзүнчө иштегендери кездешет. Болжол менен өлкөдө 300дөн ашык компания бар. Үч киши биригип иштесе деле компания болуп саналат да.
— Бирикменин максаты эмне?
— IT-компаниялардын бирикмеси 2008-жылы негизделип, андан соң Жогорку технологиялар паркы уюшулду. Бирикме адистердин тажрыйбасын арттырууну, жакшы шарт түзүп берүүнү, ар тараптан жардам берүүнү көздөйт. Тренинг жана семинарларды өткөрүп турабыз. Кыргызстандык адистердин чет элдик компаниялар менен кызматташуусуна, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табуусуна да көмөктөшөбүз.
Чет мамлекеттеги, анын ичинде батыштагы тренддерге анализ жүргүзүп турабыз. Алар бизге бир жылдын ичинде келет дегенди түшүндүрөт. Ошолорду өздөштүрүп, курстарга киргизебиз.
— Жумуш издегендерге Telegram тармагында да канал бар экен.
— Ооба, DevKG  деп илгери ачылган. Жумушчуга талаптар, шарттар жана айлык акы көрсөтүлөт. Негизи адистер дайыма жетишсиз. Бир нече жума мурун мамлекеттик IT-компанияларды жоюп салып, иштегендер бош калды. Бирок алардын көбүн азыр ишке алып кетишти. Програмиссттер жумуш издебейт, жумуш аларды издейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековМуканбетова: Программалоонун тармактарын адам өз каалоосуна жана жөндөмүнө жараша тандайт. Программа, тиркеме, системаны түзгөндөн сырткары маркетолог, Project Manager, аналитик, дизайнер, тестирлөөчү жана башка адистиктери бар.
Исполнительный директор ассоциации IT-компаний Кыргызстана Ширин Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Муканбетова: Программалоонун тармактарын адам өз каалоосуна жана жөндөмүнө жараша тандайт. Программа, тиркеме, системаны түзгөндөн сырткары маркетолог, Project Manager, аналитик, дизайнер, тестирлөөчү жана башка адистиктери бар.
— IT тармагына тапшырып жумуш таппагандар бар. Алардын катачылыгы эмне болуп жатат, кеңеш бере кетсеңиз.
— Кээ бир компаниялар дагы жарнаманы өтө кооз берип, чоң айлыкты айтышат, бул эми чындыктан алыс. Жаштар бүгүн курсту же окууну бүттүм, эртең жумуш таба калам, чоң акча агылып келет деген ойдон алыс болушу керек. Компанияга аз да болсо тажрыйбасы бар кишини алышат. Жарым жыл стажировкада жүрөт. Компанияларга барып маектешүүдөн өтүү керек, бирөө болбосо экинчиси ишке алат.
— Жаштар тууралуу эле сүйлөшүп атабыз. 30-40 жаштан өтүп деле ушул тармакты өздөштүргөндөр болдубу?
Интервью с Тилеком Мамутовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2020
Forbes 11 жыл Google компаниясында иштеген кыргызстандыктан интервью алды
— Андайлар сейрек. 30 жаштан кийин көбү жаңы кесип өздөштүргөндөн коркушат, күчүнө ишенбейт. Карьерасы жакшы болуп келе жаткан эжебиз бар, жашы 35тен ашкан. Мурда мамлекеттик органдарда иштеп, бөлүм башчы болуптур. Адис болом деп биздин программага келип, бүт нөлдөн окуду. Азыр ири компаниялардын биринде программист болуп иштөөдө.
— Биздин адистерибиз эмнеси менен айырмаланат?
— Продукциянын баасы арзаныраак, ошол эле учурда сапаттуу. Буюртма алууда ушул жагы артыкчылыктуу болуп саналат.
— IT-адис болуу үчүн университетке тапшырбай эле койсо болот десек туурабы?
— Бизде мектепти бүткөндөн кийин окуу жайга тапшырыш керек деген ой калыптанып калган. Университетте теориялык терең билим беришет. Бирок технология күн сайын өсүп турат. Төрт жылда көп нерсе өзгөрөт. Мага билим керек же билим жетпей жатат дегендер тапшырса болот.
Пандемия маалында компьютерди мыкты билгендердин күнү тууду. Бул келечектин жумушу жана талабы. Ошондуктан маалыматтык технологиялар тармагын өздөштүрүүгө чакырам.
Жаңылыктар түрмөгү
0