Эки сөз жазып койчу, сүрөтүңө ыраазымын! WhatsApp тайпадагылар жанды кашайтканда

© Фото / Pixabay / Jorge HenaoWhatsApp тиркемесин колдонуп жаткан адам. Архив
WhatsApp тиркемесин колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги WhatsАpp тиркемесинде көпчүлүктүн жанын эмне жана кандай адамдар кашайтарын топтоду. Тамаша-чыны аралашкан материал айрымдарына сабак болот деп ишенели.
Сүрөт жиберүү жагынан камчы салдырбагандар. 8-Март, Нооруз, Жаңы жыл, Айт, айтор кандай майрам болбосун, бул күндөрү телефонуң куттуктоодон жарылып кете жаздайт. Жүрөктөн чыгып жазылган куттуктоо болсо жакшы да. Бирөө жасап даярдап койгон гүл же башка нерсенин сүрөтү. Андайдан майрам күндөрү "туугандар", "кошуналар", "достор", "классташтар" деген тайпалардан 99у келет. Чынын айталыбы? Мындай сүрөт-куттуктоолор телефонду толтурганы эле болбосо адамдын майрамдык маанайын деле көтөрбөйт. Тескерисинче, айрымдарынын кыжырын кайнатат. Ошону жиберип убакытты коротпой чын дилден эки ооз жакшы сөз жазып коюңузчу. "Переслать" кылганды элдин баары билет.
Телефон колдонуп жаткан кыз жана бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2019
Чала тааныш адамдын мээсин чакпа! Мессенджер колдонуу этикети
Сүрөттөн башкасын да жибергендер. WhatsApp бири-бири менен байланышып, баарлашып, керектүү маалыматтарды алуу, бөлүшүү максатында түзүлсө керек негизи. Бирок аны жакшы түшүнбөй, өтө эле гиперактивдүү болуп кеткендер бар. Кыргызстанда болбогон, элдин башын айланткан видеолордон тарта таптакыр ал тайпага тиешеси жок нерселерди жиберип тажатышат. Бир эле жолу жиберсе да мейли, WhatsApp компаниясынан айлык алып жаткандай "иштеп" кетишет. Анан да ал видео ошол тайпада калса жакшы да. Кээ бири аны көрүп, талдап, түшүнбөй эле башкаларга салып, таратып жиберет.
Сабатсыздар. "оа", "ова", "кк", "кандайс", "дс кандай"… Бул эмне деги? Карап отуруп жазышуунун өзүнчө ариби, тили пайда болдубу деп таң каласың. Сабаты жоюлган эмес окшойт деген аргасыз ойго жетеленесиң.
Үн жөнөткөндөр. Үн билдирүү жөнөткөндөр баарына эле жага бербейт, тескерисинче, айрымдарынын жинин келтирет. Анткени аны угуу дайыма эле ыңгайлуу эмес. Айрыкча жумушта отурганда жазгандан жалкоолонгондор керектүү суроого үн менен жооп берип айланы кетиришет. Чала тааныш адамдар ортосунда сый мамилени сактоо деген түшүнүк бар. Тагыраагы, жаңы эле таанышкан, иш боюнча кайрылып жаткан адамга үн-билдирүү жөнөтүү туура эмес.
Жираф болуп калгандар. Достор, туугандар же кесиптештер бир маселени талкуулап же урушуп-талашып, акыры ымга келип отуруп калат. Бир-эки сааттын ичинде 200дөй кат алмашуу болуп кетет. Баары бүттү го деп отурсаң булуттан чыккан Айга окшоп "эмне болуп кетти, түшүндүрүп койгулачы" деп сөзсүз бирөө чыгат. Анчалык кызык болсо башынан баштап окуп алсын да.
Жаңылыктар түрмөгү
0