Ырчы Айтурган Эрмекова: Гүлшайыр Садыбакасовадан темирдей бекем болууну үйрөндүм

© Фото / Кубанычбек МолдокуловКыргызстандык ырчы Айтурган Эрмекова. Архив
Кыргызстандык ырчы Айтурган Эрмекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Чыгыш ырларын мыкты аткарып күйөрмандарын кубантып келе жаткан ырчы кыз Айтурган Эрмекованы кыргызстандыктар той-топур, жакшылыктарына көп чакырышат. Айтурган учурда Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында эмгектенет.
Убагында "Кыз-Бурак" тобунда ырдап, Гүлшайыр Садыбакасованын тарбиясын алган Айтурган Эрмекова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ырчы менен чакан маек даярдаган.
— Ошто аябай таанымал экенсиз, борборго келип турасызбы?
— Бишкекте деле күйөрмандарым арбын. Болгону Ошто тойго чакыруулар, концерттер көп болгондуктан бошобой, борборго көп келе албай калам. Бирок убакыт болуп калганда Бишкекке да барып, чакырган медиаларга интервью берип, тойлорго катышып келем.
© Фото / Кубанычбек МолдокуловАйтурган Эрмекова: Бишкектеги кесиптештеримдин "сенде талант бар, өзүңчө ырдап чыгышың керек" деген кеңеши менен жеке ырчы болуп кеттим.
Кыргызская певица Айтурган Эрмекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айтурган Эрмекова: Бишкектеги кесиптештеримдин "сенде талант бар, өзүңчө ырдап чыгышың керек" деген кеңеши менен жеке ырчы болуп кеттим.
— Музыкалык билимиңиз барбы?
— Музыкалык окуу жайда окуган эмесмин. Бирок вокалдан өз алдымча алты ай сабак алгам. Мектепте 8-классымда эле "Кыз-Бурак" тобуна келип, алгач ирет сахнага да аталган топтун курамында чыккам. Келишимим бүткөнгө чейин беш жыл топто ырдадым. Кийин Бишкектеги кесиптештеримдин "сенде талант бар, өзүңчө ырдап чыгышың керек" деген кеңеши менен жеке ырчы болуп кеттим. Бирок "Кыз-Бурак" тобунда ырдап жүргөндө Гүлшайыр Садыбакасова, Кенже Дүйшеева эжелер беш жыл бою бизге туура ырдоодон тарта сахнада өзүн кандай алып жүрүү керек экендигине чейин үйрөтүшкөн. Бардык ырчы болууга керектүү сабакты "Кыз-Бурактын" мектебинен алдым десем болот.
Музыкалык билим алуу планымда бар, сөзсүз окуйм.
— Сиз көбүнчө чыгыш элинин ырларын ырдайсыз. Бул атайын тандалган стилби?
— Чыгыш элинин ыр-бийлерин жактырам. Кичинемден бийге да жакынмын. Негизинен башка тилдерден хорезм, уйгур, кара калпак элинин ырларын ырдап жүрөм. Карап көрсөм, мен аткарган ырлардын ичинен бир да өзбек тилиндеги ыр жок экен. Бирок баары эле мени өзбекче ырдайт деп ойлошот. "Музыка тил тандабайт" дегендей эле мен дагы музыка жаатында тил тандабайм. Ыр менен музыкасы жакса, кандай стилде болбосун ырдап кете берем. Азыр казакча ыр даярдап жатам. Негедир башка тилдеги ырлар элге бат сиңип кетүүдө. Мүмкүн ширин угулуп жаткандыр. Бирок учурда 40 ырым болсо, анын ону эле башка тилде, калганы кыргызча. Негизинен кээде кымбат жаздырган ырың элге жетпей калат да, капысынан же аз эле акчага жаздырып койгон ыр элге сиңип кетет.
© Фото / Кубанычбек МолдокуловАйтурган Эрмекова: "Музыка тил тандабайт" дегендей эле мен дагы музыка жаатында тил тандабайм. Ыр менен музыкасы жакса, кандай стилде болбосун ырдап кете берем. Азыр казакча ыр даярдап жатам.
Кыргызская певица Айтурган Эрмекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айтурган Эрмекова: "Музыка тил тандабайт" дегендей эле мен дагы музыка жаатында тил тандабайм. Ыр менен музыкасы жакса, кандай стилде болбосун ырдап кете берем. Азыр казакча ыр даярдап жатам.
— Ырчылыктан тышкары жеке бизнес менен да алектенет экенсиз?
— Ооба, айымдарга ылайыктуу кийимдерди саткан дүкөнүм бар. Жакында эле көз жарганыма байланыштуу азыр бул ишимди бир аз токтотуп турам. Себеби кийимди өзүм тандап алып келчүмүн. Азыр буга мүмкүнчүлүгүм болбой жатат. Кудай буюрса, бул ишти кайрадан колго алам. Мага жакты. Мындан тышкары, биздин үй-бүлөгө тиешелүү майда-чүйдө бизнесибиз бар. Азыр ошолорду иштетип жатабыз.
— Бишкекке да тойго чакырышат деп жатпайсызбы. Жол кире, убактысы бар дегендей. Чакыруу акысы кандай болот?
— Ооба, жол киреси да бар. Бирок мен айрым ырчыларга окшоп асмандын башын айтпайм. Той ээлеринин шартына да карайм. Көпчүлүк учурда чакыргандар рахматын айтып, ыраазы болуп калышат. Бир үй-бүлөнүн эле эки-үч тоюна катышкан күндөрүм кездешет. Барганда алты ырдан кем ырдабайм, маанайым, убактым туура келсе дагы эки ыр кошуп ырдап коём. Бирок, албетте, өзүм Ошто жашагандыктан Бишкекке караганда бул жакта чакыруу арзаныраак. Ошол себептен көбүнесе Оштон бошобой, чакырган жерлерге бара албай калам. Анын үстүнө учурда Ош облустук филармониясында да эмгектенем.
— Тойдо кызыктуу учурлар көп болсо керек?
— Негизи тойдо деле, концерт учурунда деле кызыктуу учурлар абдан көп кездешет. Бир жолу Куршабга тойго барып калып, ырдап бүтүп диванда отурсам бир аке келип мени менен аябай жакшы сүйлөшүп, "кызым" деп атама да салам айтты. "Эрмекти аябай жакшы тааныйм, сыйлайм. Атаңа салам айт", — деп бир топ сүйлөшүп отурган. Мага да аябай комплименттерди айтып келип эле мени "Самара" деп салды. Көрсө Самара Каримова экен деп эле сүйлөй бериптир. Ал экөөбүз доспуз, Самаранын атасынын аты да Эрмек. Ошол себептенби, айтор, экөөбүздү алмаштырган учурлар көп болот. Тойго келгендер эмнегедир мени "Самара" дей беришет.
© Фото / Кубанычбек МолдокуловАйтурган Эрмекова: Кайындарым менен алты ай жашап, бөлүндүк. Үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыкка болгон жоопкерчилик күчөдү. Бир эсе жардамчыларым да көбөйдү. Жолдошум 24 саат бою жанымда, ал болбой калса кайнилерим жардамдашат. Өзүнчө береке келип, кирешем да артты десем болот.
Кыргызская певица Айтурган Эрмекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айтурган Эрмекова: Кайындарым менен алты ай жашап, бөлүндүк. Үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыкка болгон жоопкерчилик күчөдү. Бир эсе жардамчыларым да көбөйдү. Жолдошум 24 саат бою жанымда, ал болбой калса кайнилерим жардамдашат. Өзүнчө береке келип, кирешем да артты десем болот.
— Жаңылбасам бир жыл мурда турмушка чыккансыз. Кайын журтуңуз ырчы келинди кандай кабыл алды?
— Кайын журтум аябай жакшы кабыл алган. Мурдатан эле үй-тиричилигине тың болчумун, ошондуктан бул жаатта эч кандай кыйынчылык болгон жок. Мен да бардык нерсени өзүмдүн үйүмдөй эле кабыл алып, "башка казан" деп бөлгөн жокмун. Кайындарым менен алты ай жашап, Дамир (жолдошу — ред.) улуу уул болгондуктан тез эле бөлүнүп кеттик. Андан кийин эле кайним үйлөндү. Үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыкка болгон жоопкерчилик күчөдү. Бир эсе жардамчыларым да көбөйдү. Себеби жолдошум 24 саат бою жанымда, ал болбой калса кайнилерим жардамдашып жүрүшөт. Өзүнчө береке келип, кирешем да артты десем болот.
© Фото / Кубанычбек МолдокуловАйтурган Эрмекова: Москвадан мигранттардын турмушун, алардын мекенге сагынычын көрүп келдим. Эми ушул темаларды чагылдырган жакшы бир чыгарма аткарып чыккым келип жатат. Ошону менен бирге Бишкекте да концерт берейин деген ниетим бар.
Кыргызская певица Айтурган Эрмекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айтурган Эрмекова: Москвадан мигранттардын турмушун, алардын мекенге сагынычын көрүп келдим. Эми ушул темаларды чагылдырган жакшы бир чыгарма аткарып чыккым келип жатат. Ошону менен бирге Бишкекте да концерт берейин деген ниетим бар.
— Гүлшайыр Садыбакасовадан көп нерсе үйрөнсөңүз керек. Анткени маектеринде ырдоону үйрөткөндөн тышкары топтогу кыздарды катуу кармаганын айтып калат…
— Гүлшайыр эже темирдей бекем аял болуу менен майда-чүйдөгө маани бербөөнү жана үй тиричилигин да үйрөттү. Анткени "Кыз-Бурак" тобуна 8-классымда бардым. Тамак-аш, нан жасоо, үйдү таза кармоонун баарын Гүлшайыр эжеден өздөштүргөм. Ал киши тартипти биринчи орунга койчу. Азыркыга чейин мамилебиз абдан жакшы. Өткөндө эле үйүнө барып, бир күн жатып, абдан чер жазып келдим. Сайкал менен да мурдатан курбумун.
— Жакында эла Москвага концерт коюп барыпсыз. Концерттин жүрүшү тууралуу да кеп салсаңыз?
— Ооба, Россияга концерт коюп барып келдик. Россиянын Санкт-Петербург, Москва, Новосибирск, Екатеринбург өңдүү төрт шаарын кыдырып чай-концерт бердим, абдан жакшы өттү. Бизди эл да сонун кабыл алды. Концертибиз 400-500 орундуу тойканада өтүп, ар бир шаарда эки күндөн койдук. Зал толо эл келип берди. Москвадан келгенден кийин да ар кандай ойлор пайда болду. Мигранттардын турмушун, алардын мекенге сагынычын көрүп келдим. Эми ушул темаларды чагылдырган жакшы бир чыгарма аткарып чыккым келип жатат. Ошону менен бирге Бишкекте да концерт берейин деген ниетим бар. Жаңы программадагы шоу-концерт берүүнү да көздөп жатам. 
Жаңылыктар түрмөгү
0