Аптаптуу ысык башталбайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖоогазындардын жанындагы кыз. Архив
Жоогазындардын жанындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Жума ичинде шаарда, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот, ал эми тоолуу райондордо жамгыр мезгил-мезгили менен жаап турат.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайына божомол берди.
Ага ылайык, борбор калаада шаршембиге чейин күн чайыттай ачык болуп турат. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Бейшембиде күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Чүй облусу

26-майга чейин тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Ал эми өрөөндөрдө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
27-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Талас облусу

24-25-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүшү ыктымал. Ал эми 26-майда күн ачылат. 27-майда күндүн көзү кайрадан бузулуп, айрым аймактарда жамгыр жаайт.

Ош жана Жалал-Абад облустары

26-майга чейин тоо этектеринде жаан-чачын болот, деген менен өрөөндөрдө күн ачык турат. Ал эми 27-майда тоолуу райондордо жамгыр жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Айдын тутулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат
Баткен облусу
24-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. 25-майда дагы тоолордо жамгыр жаап, бирок дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт.
26-майда айрым аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. 27-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

24-25-майда тоолуу райондордо жаан жаап, ошол эле учурда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
26-27-майда күндүз кээ бир райондордо жамгыр, тоолорго кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Нарын облусу

24-майда күн ачык болот. Бирок эртеси, 25-майда, күндүн көзү бузулуп, кээ бир райондордо жамгыр жаашы күтүлөт.
26-27-майда күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0