Рактын ойго келбеген белгисин адис түшүндүрүп берди

© Фото / Pixabay / ckstockphotoБейтапты кабыл алуу учурунда дарыгер. Иллюстративдик сүрөт
Бейтапты кабыл алуу учурунда дарыгер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Бүдүрчөлөрдөн сырткары дерматомиозиттен жапа чеккен бейтаптардын бел, желке, колунун тушундагы муундары алсыз болуп, далысы ооруп, ичи катары айтылган.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. АКШдагы Майо клиникасынын дарыгерлери теридеги кычыштырган майда бүдүрлөр рактын белгиси болушу ыктымал экендигин эскертишти. Бул тууралуу Express басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, бетке, көздүн үстүнө чыккан сыя түстөгү бүдүрлөр дерматомиозит деп аталган өзгөчө оорунун белгилери.
"Мындай бүдүрлөр чоң кишилердин ракка кабылуу коркунучунан кабар берет. Айрыкча жатын, өпкө, уйку бези, эмчек жана ашказан рагынын белгиси болушу мүмкүн", — деген адистер.
Бүдүрлөрдөн сырткары дерматомиозиттен жапа чеккен бейтаптардын бел, желке, колунун тушундагы муундары алсыз болуп, далысы ооруп, ичи катары айтылган.
Адистер өзүнөн мындай белгини байкагандар терапевт дарыгерге кайрылыш керектигин эскертишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0