Эксперт таанышуу сайты аркылуу шылуундар адамды кантип аңдырын айтты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖара в Москве
Жара в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Адис эч убакта таанышуунун башында эле маектешке жашаган дарегиңизди айтпаңыз деп кеңеш берет. Кийин шылуундар ал аймакка жакын жерден карактап, тоноп кетиши да мүмкүн.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Адамды таанышуу сайты аркылуу кантип аңдый турганын "Прайм" маалымат булагына "ИТ-Резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедов түшүндүрүп берген.
Анын айтымында, таанышуу сайттары киберкоопсуздук жагынан алганда чоң коркунуч туудурат. Атайын адистер сервисти өркүндөтүү үчүн үзгүлтүксүз аракеттерди көрүп келишет. Киргизилген бардык эле жаңычылдыктарга коддун саптары кошулат. Көз боёмочулар аккаунтту бузуп, сиз жөнүндө, сиздин жайгашкан жериңиз, кызыкчылыктарыңыз сыяктуу маалыматтарды топтоп, кылмыш кылуу же шантаж үчүн колдоно алат.
Кыргыз почтасынын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды
Социалдык инженердик ыкманы колдонуу менен жасалган алдамчылык көп пайдаланылат. Колдонуучу адамды өзүнө тарта турган маектешин таап, кат алышып, ага ишене баштайт. Ал жакта  кадимки алдамчы отурат. Ал болочоктогу курмандыгынын жайгашкан жерин билип, жашыруун деп эсептелген арбын маалыматтарды алат. Ал тургай жолугушууга чакырат. Кийин ал жерде кылмыш катталган болот.
Ресторандан орун алып коюу үчүн же башка бир аракеттер үчүн акча которууну суранышы мүмкүн. Ал тургай жашаган жерин билгенден кийин шылуундар карактоо, тоноолорду жасашы ыктымал.
Эксперт жайгашкан жер тууралуу так маалыматты сайтка катталып жатканда да, баарлашуунун башында да ачыкка чыгарууга болбой тургандыгын эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0