09:51 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
105 0 0

Буга чейин Facebook тармагында Аспековдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал азыркы өлкө башчысын экс-президенттен ири суммадагы акча алган деп айыптаган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жарандык активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Сот бүгүн анын баш коргоо чарасын карап, 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Активисттер Финпол аркылуу текшертебиз, КТЖ жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу.

Аспековдун Facebook баракчасында кайрылуусу жарыяланып, анда ал азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаров шайлоо алдындагы үгүт иштерине экс-президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар акча алган деп билдирген.

Президенттин администрациясы Аспековдун айткандарын  калп, курулай каралоо деп белгилеп, анын айыптоосун четке каккан.

Активисттин чуулгандуу билдирүүсү боюнча экс-президент Жээнбековдун жактоочусу да үн катып, аны сотко берерин билдирди.

Ал арада ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") боюнча  иш козгоп, сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Тема боюнча

Активист Улан Жураев прокурордун сунуштамасы менен үй камагына чыгарылды
Мелис Аспековдун чуулуу билдирүүсү. ИИМ факты боюнча иш козгоду
Белгилер:
сот, тергөө абагы, Кыргызстан, Мелис Аспеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ