Төрт банк чек арада жабыркаган тургундардын насыясын кечип, акчалай жардам берди

© AFP / DANIL USMANOVБаткен облусундагы талкаланган үйүнүн жанында турган аял. Архив
Баткен облусундагы талкаланган үйүнүн жанында турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Карызы жоюлгандардын арасында көз жумган аскер кызматкери бар. Айрым адамдардын насыясы жоюлса, кээ бирине жеңилдиктер берилген.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Үч коммерциялык жана бир микрокредиттик банк Баткендеги чек ара чырында жабыркаган жарандардын насыясын кечти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, "Компаньон" банкы 2 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Ошону менен катар 17 жарандын насыясын кечип, үч кишинин насыясынын пайызын төмөндөттү. Андан тышкары, банк турак үйү күйгөн адамга 25 миң сом берген.
Бийлик талашып кан төккөн тажиктерди эпке келтирген кыргыздар. Тарыхый видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Бийлик талашып кан төккөн тажиктерди эпке келтирген кыргыздар. Тарыхый видео
"РСК банкы" Баткен облусуна 2 миллион 284 миң сом каражат которгон. Чек арада жабыркаган сегиз аскер ушул банктан насыя алган. Анын ичинен каза болгон жоокердин карызы жоюлду, жетөөнүн насыя пайызы алты айга токтотулган.
Ошондой эле аталган банк Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айылдарынын эли үчүн 10 миллион сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алды. Насыя 12 пайыз менен үч жылдык мөөнөткө, алты ай танаписи менен жеңидетилген тартипте комиссиясыз жана күрөөсүз берилет.
"Бай-Түшүм" банкы куралдуу жаңжалда жабыркаган тогуз кишинин насыясын жойду. Атап айтканда, көз жумган эки адамдын жана турак жайы өрттөлгөн жети жарандын карызын кечүү чечимин кабыл алды.
Аны менен катар аталган банктын жамааты чек ара аймактарында жабыркаган элге 100 миң сомдон ашуун материалдык жардам көрсөттү.
Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү
"Мөл-Булак" микрокредиттик компаниясы 130 жарандын насыясын кечкен. Мунун ичинен төрт адам көз жумган. Каза болгондордун жакындарына 25 миң сомдон, жараат алгандарга 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөн.
Буга чейин Баткендин башчысы Абдикарим Алимбаев облуста ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын өкүлдөрү менен жолугуп, жапа чеккендердин насыясын кечүү же жеңилдик берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону сунуштаганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0