Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалбырактагы жамгыр тамчылары. Архив
Жалбырактагы жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
22-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32, Ысык-Көл жеринде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +30…+32 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0