Ооругандар азайбаган Чүйдө вакцинация кайсы жерлерде жүргүзүлөт. Тизме

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКиши COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп жатат. Архив
Киши COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Пандемиядан бери облуста ооругандар азайбай келет. Акыркы сутка ичинде ооругандардын басымдуу бөлүгү да Чүйдө катталды.
БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Чүй облусунда коронавирус инфекциясына каршы вакцина тогуз жерде сайылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Эмдөө жайларынын тизмеси:
  • Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Ысык-Атадагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Чүй районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Кемин районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Сокулук районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Москва районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Токмок шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Жайыл районунун бириктирилген аймактык ооруканасы;
  • Панфилов районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору.
Маалыматка ылайык, "Спутник V" вакцинасы Кант, Токмок, Кара-Балта, Кемин шаарларында жана Сокулук менен Аламүдүн райондорунда гана сайылат.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери облуста ооругандар азайбай келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0