Жумгал районуна Алтайдан асыл тукум мал алып келинет

© © SputnikНарын облусу Россиянын Алтай Республикасынын Усть-Кан району менен мал чарбачылыгы тармагында кызматташат
Нарын облусу Россиянын Алтай Республикасынын Усть-Кан району менен мал чарбачылыгы тармагында кызматташат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Нарындын Жумгал району менен Алтайдын Усть-Кан районунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Нарын облусу Россиянын Алтай Республикасынын Усть-Кан району менен мал чарбачылыгы тармагында кызматташат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
© © SputnikНарын облусу Россиянын Алтай Республикасынын Усть-Кан району менен мал чарбачылыгы тармагында кызматташат
Нарын облусу Россиянын Алтай Республикасынын Усть-Кан району менен мал чарбачылыгы тармагында кызматташат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын облусу Россиянын Алтай Республикасынын Усть-Кан району менен мал чарбачылыгы тармагында кызматташат
© © SputnikРоссия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында климаттык шарты окшош Нарын облусу менен Усть-Кан районун алакалаш кылуу демилгеленген.
Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында климаттык шарты окшош Нарын облусу менен Усть-Кан районун алакалаш кылуу демилгеленген.  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында климаттык шарты окшош Нарын облусу менен Усть-Кан районун алакалаш кылуу демилгеленген.
1/2
Нарын облусу Россиянын Алтай Республикасынын Усть-Кан району менен мал чарбачылыгы тармагында кызматташат
2/2
Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында климаттык шарты окшош Нарын облусу менен Усть-Кан районун алакалаш кылуу демилгеленген.
Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында климаттык шарты окшош Нарын облусу менен Усть-Кан районун алакалаш кылуу демилгеленген. Бул иш 11-13-май күндөрү жүзөгө ашты. Өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жетектеген Нарын, Жумгал райондорунун акимдеринен жана Нарын шаарынын мэрия кызматкерлеринен турган топ тоолуу Алтай Республикасынын Усть-Кан районунда болуп кайткан.
"Иш сапардын алкагында Нарындын Жумгал району менен Алтайдын Усть-Кан районунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Ошондой эле Нарын районунда бугу-марал чарбасын жайылтуу боюнча келишим түзүлдү. Усть-Кан районунан тоютту аз талап кылып, продукцияны көп бере турган асыл тукум мал алып келүү жагы сүйлөшүлүп, алгачкы аракеттер башталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Усть-Кан району мал чарбачылыгына ыңгайлуу тоолуу аймак болгондуктан Нарын облусунун климаты менен окшоштугу бар. Ал жакта эт-сүт багытындагы асыл тукум мал чарбасы, бугу-марал чарбасы жакшы өнүккөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0