Кыргызстанга Австралиядан 2500 долларлык 102 баш кой алып келинди. Сүрөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДорпер породасындагы койлор. Архив
Дорпер породасындагы койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Дорпер породасы Африка менен Англиянын койлорун аргындаштыруудан келип чыккан. Бул койдун этин май баспайт, семирбейт. Жем-чөп тандабай жей турганы айтылды.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районуна Австралиядан ар бири 2500 доллар турган 102 баш кой алып келинди. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба Министерства сельского, лесного и водного хозяйства КРЧүй облусунун Кемин районуна Австралиядан ар бири 2500 доллар турган 102 баш кой алып келинди
Чүй облусунун Кемин районуна Австралиядан ар бири 2500 доллар турган 102 баш кой алып келинди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чүй облусунун Кемин районуна Австралиядан ар бири 2500 доллар турган 102 баш кой алып келинди
© Фото / пресс-служба Министерства сельского, лесного и водного хозяйства КРМалды Орловка айылында жайгашкан кой өстүрүү чарбасына жеке фермерлер алып келген
Малды Орловка айылында жайгашкан кой өстүрүү чарбасына жеке фермерлер алып келген - Sputnik Кыргызстан
2/3
Малды Орловка айылында жайгашкан кой өстүрүү чарбасына жеке фермерлер алып келген
© Фото / пресс-служба Министерства сельского, лесного и водного хозяйства КРДорпер породасынын териси дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары экени жана Cape Glovers деген аталыш менен сатыла турганы кошумчаланды.
Дорпер породасынын териси дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары экени жана Cape Glovers деген аталыш менен сатыла турганы кошумчаланды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Дорпер породасынын териси дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары экени жана Cape Glovers деген аталыш менен сатыла турганы кошумчаланды.
1/3
Чүй облусунун Кемин районуна Австралиядан ар бири 2500 доллар турган 102 баш кой алып келинди
2/3
Малды Орловка айылында жайгашкан кой өстүрүү чарбасына жеке фермерлер алып келген
3/3
Дорпер породасынын териси дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары экени жана Cape Glovers деген аталыш менен сатыла турганы кошумчаланды.
Билдирмеге ылайык, малды Орловка айылында жайгашкан кой өстүрүү чарбасына жеке фермерлер алып келген.
"Дорпер породасындагы койлор сырттан келгендиктен 30 күнгө карантинге киргизилди. Бул аралыкта алар мал доктурлардын көзөмөлүндө болот. Келечекте дагы 1000 баш кой алып келүү планда бар", — деп айтылат маалыматта.
Айыл чарба министри аталган кой өстүрүү чарбасына барып, фермерлердин жумушу менен таанышкан.
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук Арашан койлору. Новопокровкада тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео
"Бул чарба бодо малды асылдандыруу жана бордоп семиртүү менен алектенсе, эми койдун Дорпер породасын көбөйтмөкчү. Аталган порода Африка менен Англия койлорунун аргындашуусунан келип чыккан. Койду май баспайт, семирбейт. Эти Абердин-ангусс породасындагы букалардын этине окшош. Атайын жем-чөп тандабайт. Бир жылда эки жолу, анан дагы көбү эгиздеп төлдөйт. Тирүү салмагы 140 килограммга чейин барат", — деп жазылат маалыматта.
Дорпер породасынын териси дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары экени жана Cape Glovers деген аталыш менен сатыла турганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0