Таластын тургундары коронавирустан эмделе турчу жерлер. Тизме

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүВакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Талас шаарындагылар Үй-бүлөлүк медицина борборунан сайдырат. Облус боюнча ушул жерде гана "Спутник V" вакцинасы бар.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Талас облусунун тургундары коронавирустун вакцинасын беш жерден аларын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, Талас шаарындагылар Үй-бүлөлүк медицина борборунан сайдырат. Облус боюнча ушул жерде гана "Спутник V" вакцинасы бар.
Ал эми Sinopharm төрт жерде сайылат:
  • Кара-Буура районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Бакай-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Талас районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Манас районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору.
Өлкө боюнча бир сутка ичинде 361 кишиден коронавирус табылып, 320 бейтап айыгып, төрт киши көз жумду. Анын ичинен Талас облусунда оору илештиргендер алтоо экени аныкталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0