Бишкек ШИИБи менен Свердлов райондук милициясына жаңы жетекчи келди

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаСвердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылыгына жаңы жетекчиси Азамат Байгазиев
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылыгына жаңы жетекчиси Азамат Байгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
ИИМ жетекчисинин орун басары Октябрь Урмамбетов эмгек жамаатына үч жаңы жетекчини тааныштырган.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Азамат Ногойбаев, ага орун басар болуп Тилек Түкөбаев дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынан кабарлашты.
Аларды жамаатына ИИМ жетекчисинин орун басары Октябрь Урмамбетов тааныштырган.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалган Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Артём Новиков жаңы кызматка дайындалды
Шаардык милициянын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен анын орун басары Эрлан Атантаев уурдалган Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин иштен алынган.
Урмамбетов андан сырткары калаадагы дагы бир аймак Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылыгына расмий түрдө жетекчи болгон Азамат Байгазиевди да эмгек жамаатына тааныштырды. Ал буга чейин ушул эле райондук милициянын жетекчисинин орун басары болуп иштеп, ал эми мурдагы башчы Ашим Тагаев башка кызматка кеткенден соң анын милдетин аткарып жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0