Өлүктөн акча жасап... Бишкектеги агенттиктин кызматкери пара менен колго түштү

© Фото / пресс-служба ГКНБ"Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча Бишкек агенттигинин" кызматкерин кармоо учурунда
Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча Бишкек агенттигинин кызматкерин кармоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
УКМК Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча Бишкек агенттигинин мындан башка да мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу маркумдарды көмүү боюнча ишкананын кызматкерлери жалган документтерди жасап, Чоң-Арыктагы көрүстөндөн мүрзө бөлгөнү үчүн 1000ден 5000 долларга чейин акча алып жүргөн. Бул тууралуу УКМКнын маалыматы кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНББишкек мэриясына караштуу маркумдарды көмүү боюнча ишкананын кызматкерлери жалган документтерди жасап, Чоң-Арыктагы көрүстөндөн мүрзө бөлгөнү үчүн 1000ден 5000 долларга чейин акча алып жүргөн
Бишкек мэриясына караштуу маркумдарды көмүү боюнча ишкананын кызматкерлери жалган документтерди жасап, Чоң-Арыктагы көрүстөндөн мүрзө бөлгөнү үчүн 1000ден 5000 долларга чейин акча алып жүргөн - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек мэриясына караштуу маркумдарды көмүү боюнча ишкананын кызматкерлери жалган документтерди жасап, Чоң-Арыктагы көрүстөндөн мүрзө бөлгөнү үчүн 1000ден 5000 долларга чейин акча алып жүргөн
© Фото / пресс-служба ГКНБКармалган А.А. аттуу адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Кармалган А.А. аттуу адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кармалган А.А. аттуу адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
1/2
Бишкек мэриясына караштуу маркумдарды көмүү боюнча ишкананын кызматкерлери жалган документтерди жасап, Чоң-Арыктагы көрүстөндөн мүрзө бөлгөнү үчүн 1000ден 5000 долларга чейин акча алып жүргөн
2/2
Кармалган А.А. аттуу адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Кеп "Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча Бишкек агенттиги" деп аталган мамлекеттик ишкана туурасында жүрүп жатат.
"2021-жылдын 18-майында УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 000 сом өлчөмүндөгү акча алып жаткан жеринен Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча Бишкек агенттигинин кызматкерин кармады", — деп жазылган маалыматта.
Кармалган А.А. аттуу адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Кызыл-Кыядагы көрүстөндүн четиндеги курулган мал сарайдын чыры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Бейитти мал тебелеп, гүлдөрүн жеп кетүүдө. Кызыл-Кыядагы көрүстөн чыры
Атайын кызмат Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча Бишкек агенттигинин мындан башка да мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Аталган агенттиктеги мыйзамсыз иштер буга чейин да болуп келгени маалым. Мурда Финпол ишканага түшпөй калган миллион сом боюнча кабарлаган эле.
Түштүк-батыш көрүстөнүнө 1973-жылдан бери маркумдар коюлуп келген. Башында анын аянты 69 гектар болчу. Кийин 300 гектардан ашып, сөөк коюуга орун калбай калган. 2021-жылдын 1-январынан тартып аталган жай расмий жабылган. Анын ордуна Аламүдүн районунун Гроздь айылынын аймагында башка көрүстөн ачылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0