Бишкекте түнгө чейин иштеген эмдөөчү жай ачылды

© AP Photo / Vladimir VoroninКоронавируска каршы вакцина сайууга даярданып жаткан дарыгер. Архив
Коронавируска каршы вакцина сайууга даярданып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Шаар тургундары саат 15:00дөн 23:00гө чейин вакцина сайдыргыдай шарт түзүлдү. Студенттердин бейтапканасы борбордун ортосунда жайгашкан.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкектеги студенттердин бейтапканасында коронавирус оорусунан эмдөө боюнча кошумча пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Кыргызстан Кытай бекер берген 150 миң доза вакцинаны алып келе албай жатат
Шаар бийлиги Бишкекте эпидемиологиялык абал жакшырбай жатканын, оорудан сактануунун натыйжалуу жолу вакцина алуу экенин белгиледи.
Эмдөө тууралуу суроолор боюнча 313297 тынымсыз линиясына же Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу байланышууга болот.
Буга чейин төмөнкү жактарда вакцина сайылчу:
  • Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 64-45-57, 0 (505) 11-13-30;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 32-55-71, 0 (550) 70-10-02;
  • Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 63-51-22, 0 (505) 28-66-70;
  • Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 57-09-15, 0 (703) 29-37-93;
  • Свердлов районунун № 4 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (709) 82-83-14;
  • Свердлов районунун № 8 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (551) 11-77-44;
  • Свердлов районунун № 9 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (778) 37-66-62;
  • Биринчи май райондук № 14 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (500) 00-82-08;
  • Биринчи май райондук № 16 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (550) 65-11-70;
  • Октябрь райондук № 15 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (703) 21-04-76;
  • Октябрь райондук № 19 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (709) 65-55-40;
  • Ленин райондук № 2 үй-бүлөлүк медицина борбору — 64-45-57; 0 (505) 11-13-30;
  • Калыс-Ордо конушундагы амбулатория — 0 (550) 50-08-45;
  • Учкун конушундагы амбулатория — 0 (505) 28-66-70;
  • Кара-Жыгач конушундагы амбулатория — 0 (551) 11-77-44;
  • Ак-Бата конушундагы амбулатория — 0 (500) 00-82-08;
  • Темир жол ооруканасынын бейтапканасы — 0 (773) 26-12-50.
Жаңылыктар түрмөгү
0