Кыргызстан Кытай бекер берген 150 миң доза вакцинаны алып келе албай жатат

© REUTERS / MARKO DJURICASinopharm вакцинасы. Архив
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
12-мартта Кытай коронавируска каршы дагы 150 миң доза Sinopharm вакцинасын Кыргызстанга бекер бере турганы маалым болгон.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстан коңшу Кытай бере турган 150 миң доза Sinopharm вакцинасын алып келүүгө акча издеп жатат. Бул маалыматты саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Эске салсак, Кытай мартта Кыргызстанга 150 миң доза Sinopharm вакцинасын гуманитардык жардам катары жиберген. Андан кийин майдын ортосунда аталган мамлекет дагы 150 миң доза Sinopharm бекер бере турганы маалым болгон.
"Азыр вакцинаны ташып келүүгө акча издеп жатабыз", — деп айтты Бейшеналиев.
Буга чейин министр Дүйнөлүк банк бере турган каражатка Кыргызстан Sinopharm вакцинасын сатып ала турганын билдирген эле. 
Жаңылыктар түрмөгү
0