Адамдын ооруп калышына үч нерсе себеп болот. Остеопат Жекишовдун маеги

© Фото / Курманбек НурматовНевропатолог, остеопатия дарыгери Жапарбек Жекишов
Невропатолог, остеопатия дарыгери Жапарбек Жекишов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Акыркы кезде бейтаптардын, өзгөчө ата-энелердин арасында мыкты остеопат издегендер көбөйдү. Негизинен остеопатия деген эмне жана ал кандай ооруларды айыктырат?
Ушул суроолорго жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги невропатолог, остеопатия дарыгери Жапарбек Жекишов менен баарлашкан.
— Остеопаттарды адамдын органдарын колу менен калыбына келтирген, сөөктөрдүн кыймылын инструменттерсиз эле сезе билген адистер деп келебиз. Баспай калган адамды да бастырат деген маалыматтар бар. Дегеле остеопатия деген эмне?
— Остеопатия медицинадагы жаңы багыт. Остеопат кесибине жогорку билимдүү, медициналык окуу жайларын бүткөн врачтар ээ болушу керек. Анткени биздин кылган ишибиз кадимки дарыгерлердикиндей эле. Алгач ооруну сурап, анын кантип пайда болгондугу, өрчүшү тууралуу маалымат алабыз. Ага карап бейтапты кароодон өткөрүп, анан колубуз менен дартты аныктайбыз. Андан кийин дарылоо процессине өтөбүз.
Экинчиден, остеопатияда аныкталган дарттар МК-10 деп аталган оорулардын эл аралык медициналык классификациясы менен шайкеш келет. Остеопатия илиминин пайда болгонуна 150 жылдын жүзү болду. Эң биринчи жолу Эндрю Тейлор Стилл аттуу америкалык хирург дары менен дарылоого канааттанбай жаңы дарылоо ыкмасын негиздеген. Биз негизинен сөөк менен иштейбиз. Медицинада дары-дармек же операция жолу менен дарыласа биз колубуз менен организмдин кыймылын сезүү аркылуу дарылайбыз.
— Остеопатия менен мануалдык терапиянын айырмачылыгы кандай?
— Мануалдык терапия дененин ооруган жеринде гана жасалат. Башкача айтканда, омуртка кокустап калса, омуртканы эле бошотконго аракет жүрөт. Ал эми остеопаттар денени жалпы бир система катары карайбыз. Адамдын кайсы органы оорубасын, баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, бут ооруса башыбызга да бериши мүмкүн. Адамдын денеси абдан татаал. Биздин милдет — денедеги, сөөктөгү өз ара байланыштарды табуу. Алгач ооруга негизги себеп болгон дарттын өзөгүн аныктоо абзел. Мисалы, кадимки медицинада негизинен "микроб же инфекция киргендиктен ооруп калды" деп жатпайбызбы. Ал эми остеопатияда оорунун негизги себебин дененин геометриясынын бузулушунан көрөбүз. Анткени ар бир орган өз ордунда турушу керек, ар биринин өз кыймылы бар. Адам баласы пайда болгондон баштап ар бир клетканын кыймылы, амплитудасы, жыштыгы да болот. Ар биринин оңго, солго, алдыга же артка кыймылы бар. Баары биригип бир бүтүн денени түзгөндө организм сааттай орду менен иштеп турат. Мурунку сааттардын артында майда дөңгөлөкчөлөрү иштеп турат эмеспи, бирөөсү эле иштебей калса саат бузулат. Биздин денебиз да ошол сымал, бирок баары сезилбейт. Остеопаттар дартты аныктаганда органдардын сырткы кыймылдарын карайбыз. Үч позицияда байкоо жүрөт. Ушул позицияларда кыймылдын кадимкидей же адаттан тыш экени байкалат.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖапарбек Жекишов: негизи остеопатия төрт бөлүктөн турат, висцералдык, структуралык, краниосакралдык жана краниалдык.
Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жапарбек Жекишов: негизи остеопатия төрт бөлүктөн турат, висцералдык, структуралык, краниосакралдык жана краниалдык.
— Баарын аспапсыз кол менен эле байкайсыздар да, ээ?
— Ооба, сөөктүн, муундардын кыймылын сезсе болот. Бул үчүн колду машыктырып, үйрөнүү керек. Бизге колду кандай коюу керектигин, ар бир органдын кыймылын укканды атайын үйрөтүп, окутушкан.
— Дарылоонун да атайын багыттары барбы?
Дарыгер-невролог Кундуз Карбозова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Невролог Карбозова: Паркинсон оорусуна эркектер көп чалдыгат
— Негизи остеопатия висцералдык, структуралык, краниосакралдык жана краниалдык болуп төрт бөлүктөн турат. Структуралык остеопатияда омуртка, булчуң, тарамыш менен иштейбиз. Висцералдык остеопатияда ички органдар каралат. Өпкө, жүрөк, ичеги-карындын баарына кол менен таасир этсе болот. Краниосакралдык остеопатияда баш сөөктөрдү дарылайбыз. Төртүнчүсү, краниалдык терапия. Мында баш сөөктөн баштап, желке менен куймулчак сөөктөрүнө чейинки аралык каралат. Эң татаалы краниосакралдык терапия болуп эсептелет. Себеби баш сөөктүн бөлүкчөлөрүнүн кыймылын сезүү, аны калыбына келтирүү көп убакытты талап кылат. Көп учурда оорунун белгилери окшош, бирок анын пайда болуу жана өнүгүү эволюциясы ар башка болот. Алсак, мурун көңдөйүндө шамалдаткан система сыяктуу эки канат бар. Анын бирөө эле иштебей калса адам гайморит же ринит болуп, аллергия кармап, баш ооруйт. Бул оорунун түпкү себебин аныктоо менен жөнгө салынат.
Бизди неврологияда окутканда баш сөөктөр кыймылдабайт, баары бир эле сөөктөн турат деп окуткан. Ал эми остеопатияда баш сөөктүн бөлүктөрү, мисалы, чыкый, желке сөөгү да баары тең кыймылда болот деп каралат.
— Ушундай ыкма менен дарыланууга мүмкүн экенин уккандар таң калышат. Негизи остеопатка кайсы оорулар менен кайрылса болот, кайсы ооруларга каршы көрсөтмөлөр бар?
— Көбүнчө бизге оорусу өнөкөткө айланып кеткендер келет. Бейтаптар дары, операция жардам бербей кыйналып жүрө берип, анан кайрылышат. Остеопатиянын 4000ден ашык ыкмасы бар. Негизинен көп учурда оорулар окшош болгону менен өнүгүшү, келип чыгышы ар башка болот. Биз ошол оорунун себебин табышыбыз керек. Ар бир оору менен ар кандай деңгээлде иштейбиз. Эң эле кылдаттыкты талап кылганы баш сөөк менен иштөө. Бул үчүн сөөктөрдүн бириккен жерлеринин кыймылын, майда сөөктөрдү кол менен сезишибиз керек.
© Фото / Курманбек НурматовЖапарбек Жекишов: Францияда ар бир төрөт үйүндө бирден остеопат иштейт. Алар бала төрөлөр менен дароо текшерет.
Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жапарбек Жекишов: Францияда ар бир төрөт үйүндө бирден остеопат иштейт. Алар бала төрөлөр менен дароо текшерет.
Биз инфекциялык, канында сезгенүүсү бар жана онкологиялык ооруларды албайбыз. Ошондой эле иммундук ооруларга тийбейбиз. Ыкманын негизги мааниси — бул тырышып калган денени жазуу жана органдарды өз ордуна коюу. Себеби адам жаракат алып, стресс болуп ооруганда дене жыйрылат да организм туура эмес иштеп баштайт.
Бейтапты күнүнө укалап, дарылай берүүгө да болбойт. Бир жумада бир гана жолу карайбыз. Кээде дене жакшы иштесе, эки жумага жайына коёбуз. Себеби дененин да ресурсу бар. Анын өз алдынча иштөө жөндөмүнө карап анан дарылообузду улантабыз. Ар бир адамга индивидуалдуу мамиле жасалат.
— Эмне үчүн невропатологдор жаңы төрөлгөн наристелерге остеопаттарга көрсөтүүнү сунушташат?
Санитардык-эпидемиологиялык департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Лабораториялык борбордун жетекчиси: вирус барган сайын өзгөрүп жатат
— Себеби бала төрөлөр алдында омуртка, ички органдары жыйрылып, кичинекей болуп, сыртка чыгууга даяр болот. Наристенин жарык дүйнөгө келүүсүнүн да табигый программасы бар. Баш сөөктөрү бири-биринин алдына кирип кетет. Космонавт капсуладан өз убагында чыкпаса, тумчугуп өлүп калышы мүмкүн болгондой эле бала да маалында чыгышы керек. Ымыркай жарык дүйнөгө чыкканда бакырат эмеспи, анын артында өпкө ачылып, акырындап организм жазыла баштайт. Дене жазылгандай эле баш сөөгү да жазылат. Баш же дене жакшы жазылбай калса же баланын жарыкка чыгышы узакка созулуп кетсе кичинекей тырыш калып калуусу турган иш. Андан улам бара-бара баланын тили чыкпай же колу-буту жакшы иштебей калышы ыктымал. Ошол себептен Францияда ар бир төрөт үйүндө бирден остеопат иштейт. Алар бала төрөлөр менен дароо текшерет. Ошол себептен бизге азыр сүйлөөсү кечеңдеген же ар кандай ооруга кабылган балдарды алып келип жатышат. Мунун баары төрөт убагындагы травмадан же кош бойлуу кезиндеги аял кишинин көп санаага батканынан келип чыгат.
— Остеопатия арыктоого да жардам берет дешет. Ушул чынбы?
— Менин практикамда мындай боло элек. Бирок ушундай жагдайлар бар. Алгач бейтапты карап, органдардын кыймылын тыңшоо зарыл. Себеби, жогоруда айткандай, оорунун себебин аныктоо абзел. Мүмкүн кайсы бир органдын туура эмес иштөөсүнөн салмак топтоп баштагандыр. Көп учурда стресс таасир тийгизет. Айрым учурда оору адамдын оюна да байланыштуу болот. Жаман сөз же маалымат адамдын эсинде сакталып калат, ал туруп, чогула берип бир күнү ооруга айланат. Негизи эле адамдын ооруп калышына жаракат, психоэмоционалдык абал жана уулануу себеп болот. 
© Sputnik / Асель СыдыковаЖапарбек Жекишов: мурун көңдөйүндө шамалдаткан система сыяктуу эки канат бар. Анын бирөө эле иштебей калса адам гайморит же ринит болуп, аллергия кармап, башы ооруйт.
Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жапарбек Жекишов: мурун көңдөйүндө шамалдаткан система сыяктуу эки канат бар. Анын бирөө эле иштебей калса адам гайморит же ринит болуп, аллергия кармап, башы ооруйт.
— Азыр остеопаттардын жарнамаларын көп жолуктурууга болот, бирок мыкты адисти табуу кыйын дешет. Чыныгы адистер менен алдамчыларды кантип айырмалоого болот?
— Кардар адистин сертификат, дипломун карашы кажет. Биринчиден, остеопат жогорку билимдүү врач болот. Мисалы, мен врачмын, остеопат адистигине үч жарым жыл окудум. Остеопатия аркылуу адамды дарылоо маселесине жаңыча көз караш менен да карап чыктык. Айрымдардын "интернеттен үйрөндүк" деп остеопат катары бейтап көргөнү туура эмес. Мындан тышкары, республикада остеопаттардын ассоциациясы бар. Бардык остеопаттар ал жакта мүчө. Ошондуктан чыныгы адис же жалганчы экенин osteopathykg.com сайтынан текшерип алса болот.
— Профилактикалык жаатта адис катары сунуштарыңыз барбы?
— Биз адам болгондон кийин жыгылабыз, кээде ууланып деле калабыз. Ошонун баары денебизге чогулуп отуруп бир күнү оору чыгат. Алгач дене белги берет, биз көбүнчө дары ичип коюп эле жүрө беребиз. Ошол кезде эле текшерилгиле. Азыр экология да бузулуп, ден соолукка аябай терс таасир берүүдө. Остеопатка ооруну алдын алуу үчүн кайрылган жакшы.
Жаңылыктар түрмөгү
0