5 миң сомго чейин үнөмдөө. "Газпром" газга туташуу боюнча акция жарыялады

© пресс-служба мэрии города БишкекКызматкер газга туташтыруу учурунда. Архив
Кызматкер газга туташтыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тургундарына көгүлтүр отко туташуу боюнча акция башталды.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы ушул жылдын 31-августуна чейин өлкөнүн бир катар аймактарында жаратылыш газына туташуу боюнча акция жарыялады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.
Аталган акция республиканын Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тургундарына гана тиешелүү болуп саналат.
"2021-жылдын май айынан 31-августуна чейин аталган аймактардын жашоочуларына көгүлтүр отко арзан наркта туташуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул үчүн "Газпром Кыргызстандын" жакын жердеги калкты тейлөө борборуна же GAZPROM KG мобилдик тиркемесине газ киргизүү боюнча арыз берүү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Жай мезгилинин аягына чейин газдаштыруу боюнча талап кылынган айрым жумуштарды компания акысыз жасап берери белгиленет. Төмөндө тизме келтирилди:
  • жеке сектордун турак үйлөрүнө техникалык шарттарды берүү (2 962 сом. Бул жерде жана мындан ары кашаанын ичинде акцияга тиешеси жок кызматтын акысы);
  • жеке сектордогу турак үйлөр үчүн тышкы газ түтүгүнүн чиймесинин эскизин бекитүү (704,48 сом);
  • жеке сектордогу турак үйлөр үчүн ички газ түтүгүнүн чиймесинин эскизин бекитүү (141,12 сом);
  • техникалык документтерди кабыл алуу, газ шаймандарынын долбоордогу жана иш жүзүндө орнотулгандыгын текшерүү;
  • жеке сектордогу турак үйдө биринчи газ шайманын пайдаланууга берүү иши (басымды текшерүү) (208,32 сом);
  • жеке сектордогу турак үйдө кийинки бардык газ шайманын пайдаланууга берүү иши (82,88 сом);
  • жеке сектордогу турак үйдүн керектөөчүлөрүн газ менен жабдуу (1247,68 сом);
  • жаңы газдаштырууда жеке сектордогу турак жайдагы баштапкы ишке киргизүүнүн наркы (389,76 сом).
"Газпром Кыргызстан" кошумчалагандай, жыйынтыгында кардар орточо үч миң сомдон беш миң сомго чейин үнөмдөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0