Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министрликтин өкүлү: 7-9-класстын кыздарын ала качкан учурлар болгон

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Гүлшан Абдылдаева баланын укугун коргоого багытталган "Адам жана коом" сабагын мектеп программасына 5-класстан баштап киргизүү каралып жатканын айтты.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ала качуу билим берүү жаатында да эң көйгөйлүү маселе. Кыргызстанда 7-9-11-класстын кыздарын ала качкан учурлар катталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева тегерек столдо билдирди.
Учурда Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "Уурдалып, өлтүрүлгөн кыздар: бийлик аларды кантип коргойт" аттуу тегерек стол өтүп жатат.
Министрликтин өкүлү окуучулар арасында зордук-зомбулук темасы боюнча сынак, иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп жатканын айтып, алардын укуктарын коргоого багытталган сабактар эми 5-класстан тарта өтүлө баштаарын белгиледи.
"Окуучу кыздарды ала качкан терс көрүнүштөрдөн кийин 2011-жылы анализ жасалып, мектепти бүткүчө баланын кол тийбестиги боюнча Балдар кодексине, кийин мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондон кийин мындай жат көрүнүш азайгансып калды. Бирок пандемия шартында кыздар зордук-зомбулукка дагы эле кабылып жатат. Кыздарга кошунасы, өгөй атасы эмес, өз атасы, бир туугандары, чоң атасы кол салган учурлар катталууда. Мындан улам мектептеги стандарт болуп калган программага да өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Мисалы, "Адам жана коом" деген сабак мурда 10-класстан баштап кирсе, эми 5-класстан тарта өтүлө баштайт. Себеби бала өз укугун билип чоңоюшу керек. Ата-энелери балдарын туугандарына, тааныштарына таштап коюп чет өлкөгө иштөөгө кетип жатат. Мындай учурда балдардын укугу тебеленип, зомбулукка кабылууда. Биз балдарды сактап калышыбыз керек. Ошол себептен мындай тарбиялык сабактарды программаларга эрте эле киргизүүдөбүз", — деди Абдылдаева.
Ал сексуалдык зомбулукка кыздар эле эмес, эркек балдар дагы кабылып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0