Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ИИМ өкүлү: быйыл ала качуу фактысы былтыркыдан көп катталууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖолукчан кыз ыйлап жатат. Архив
Жолукчан кыз ыйлап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
175-берене ("Адамды никеге тургузуу максатында уурдоо") боюнча быйыл Бишкекте эң көп учур катталган. Тагыраагы, төрт айдын ичинде ордо калаада ала качуу боюнча 30 учур милициянын каттоосуна алынган.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Быйыл төрт ай ичинде 175-берене ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча 82 учур катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов таратты.
Учурда Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "Уурдалып, өлтүрүлгөн кыздар: бийлик аларды кантип коргойт" аттуу тегерек стол өтүп жатат.
Исмаиловдун айтымында, кыз ала качууга чара көрүүгө тартип сакчыларынын укугу чектелүү.
"Кылмыш кодексинде бул маселеге байланыштуу төрт берене каралган. Алар: 175-берене ("Адамды никеге тургузуу максатында уурдоо"), 176-берене ("Жашы жете элек өспүрүмдү никеге турууга мажбурлоо"), 177-берене ("Адамды никеге турууга мажбурлоо") жана 178-берене ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө никеге туруу жөнүндө мыйзамдарды бузуу"). Жыл башынан бери бул беренелер боюнча жалпы 200 учур катталган. Анын ичинен 175-берене боюнча 82 учур болду. 30у Бишкекте, Ош шаарында — 9, Чүйдө —13, Нарында — 4, Ош облусунда — 7, Ысык-Көлдө — 4, Жалал-Абадда — 12 жана Баткен облусунда 3 учур катталган. Булардын арасынан үч иш аягына чыгып сотко жөнөтүлгөн, 8 айыпкерге карата камакка алуу чечими чыкса, бир шектүү үй камагына алынды. 175-берене боюнча былтыр 56 учур катталган. Быйыл төрт айдын ичинде эле 82 учурдун катталганы, албетте, терс көрүнүш", — деди Исмаилов.
Ал үстүбүздөгү жылы 176-берене ("Жашы жете элек өспүрүмдү никеге турууга мажбурлоо") боюнча 9 учур, 177-берене ("Адамды никеге турууга мажбурлоо") боюнча 6 кылмыш жана 178-берене ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө никеге туруу жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча 103 кылмыш иши катталганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0