Коңшу өлкөдөн келген мигранттар Кыргызстанда патентсиз иштесе айып төлөйт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЧек арачы мигранттардын документтерин текшерүү учурунда. Архив
Чек арачы мигранттардын документтерин текшерүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Жумушчулар иштөөгө уруксат берген документти аймактык салык органдарынан алса болот. 800 сомго 30 күндүк патент берилет.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Коңшу өлкөнүн чек арага жакын айылдарынан келген мигранттар патентсиз иштесе айып пул төлөшөт. Бул туурасында Кыргызстандын Салык кызматынан кабарлашты.
"Салык кызматы чек ара аймактарындагы эмгек мигранттарын жалдаган кыргызстандыктарды аталган адамдардан Кыргызстанда иштеши үчүн ыктыярдуу патентинин болушун талап кылууга чакырат", — деп айтылган маалыматта.
Эгерде патент жок болсо, эмгек мигрантына ИИМ 10 миң сом, ал эми Салык кызматы 3 миң сом айып салат.
Сбор хлопка в окрестностях Ахшабада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2019
Чет элдик мигранттардан жылына Кыргызстанга 8 млн. доллар түшүрсө болобу? Демилге
"Эске салсак, 2021-жылдын апрелинен тартып өсүмдүк өстүрүү, курулуш жана мал чарбасы, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жаатында иштөө үчүн жалданган чек ара аймактарындагы эмгек мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат", — деп билдирди аталган ведомство.
Мигранттар иштөөгө уруксат берген документти аймактык салык органдарынан алса болот. 800 сомго 30 күндүк патент берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0