Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.
Бишкек ШИИББдин жаңы жетекчиси Азамат Ногойбаев (сол жакта) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББдин жетекчиси болуп бекиди
Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.
Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.
"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0