"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз почтасынын кызматкери иш учурунда. Архив
Кыргыз почтасынын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Ишканага жарандардан арыз түшкөн. Анда популярдуу сервис аркылуу товар сатып алууда "Кыргыз почтасынын" кызмат көрсөтүүлөрү жазылганы айтылган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы кыргызстандыктарды алдамчылардан сак болууга чакырды.
Маалымат кызматынан билдиргендей, "Лалафо" сервиси же башка платформалар аркылуу товар сатып алууда шылуундар "Кыргыз почтасы" аркылуу акча которуу же жеткирүү иштери үчүн деп алдап жарандардын банктык картасынын реквизиттерин сураган учурлар болуп жатат.
Ведомстводон аларда мындай төлөм жолдору жана жеткирүү кызматтары жок экенин маалымдашты. Акча которуу иштери бир гана расмий сайттан жана PlayMarket дүкөнүнөн көчүрүлгөн "Перевод денежных средств с карты в Киргизию" тиркемесинен гана аткарыла турганы белгиленди.
"Алдамчыларга которулган каражат үчүн биз жоопкерчилик албайбыз. Сиздерди сак болууга чакырабыз", — дешти мамлекеттик ишканадан.
Кошумча маалыматты www.kyrgyzpost.kg расмий сайтынан же +996 (312) 61-52-94, 61-52-96 номерлери аркылуу алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0