Кыргызстан менен Өзбекстан транспорттук байланышын күчөтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүУнаа жолу. Архив
Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Эки өлкөнүн делегациялары транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Кашгар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент аркылуу өткөн мультимодалдык транспорт коридорун рационалдуу пайдалануу жолун издей баштады. Бул үчүн коңшу өлкөнүн транспорт министри Ильхом Махкамов менен анын кыргызстандык кесиптеши Гүлмира Абдралиева жолугуп сүйлөшкөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады
Белгилей кетсек, бир нече жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу дагы дал ушул Кашкар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент багыты боюнча өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0