Чек арадагы Аксай менен Ворух айылдарына милициянын посттору коюлду

© Sputnik / Эламан КарымшаковБаткен облусундагы Ак-Сай айылы. Архив
Баткен облусундагы Ак-Сай айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Эртең мененки жетиден тартып автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткендин Аксай жана Тажикстандын Ворух айылдарынын чек араларына эки тараптан тең милициянын посттору коюлду. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.
Бүгүн эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү жолугуп, буга чейинки макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.
Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Тажикстан кыргызстандыктарды сабаган жарандары жазаланарын айтты
Маалыматка ылайык, саат 07:30дан баштап автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп атат. Мындан сырткары, тараптар саат 08:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасында биргелешкен күзөттөрдү уюштурууда.
Кечээ, 17-майда, укук коргоо органдары Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында транзиттик жолдон өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн үч тажикстандыкты кармаган. Териштирүүдө алардын бири Тажикстандын УКМКсынын кызматкери, экинчиси Чек ара күчтөрүнүн аскер кызматкери экендиги аныкталган. Ошол эле учурда Баткендин Ворух анклавы аркылуу Ак-Сай айылына бара жаткан кыргызстандык үч кишини коңшу өлкөнүн 30-40 адамдан турган тобу кармап, сабап салган. Эки тараптын тиешелүү жактарынын сүйлөшүүсү менен кармалгандар бошотулуп, абал турукташкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0