Бишкекте төрт айда жол эрежесин бузган айдоочуларга канча айып салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Быйылкы жылдын төрт айында жол эрежелеринин бузулганы боюнча 111 миңден ашуун протокол толтурулган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 2021-жылдын алгачкы төрт айында Бишкек шаарында жол эрежесин бузган айдоочуга 154 миллион 632 миң 500 сом айып пул салынган. Бул тууралуу Шаардык кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Салынган айыптардын ичинен 34 миллион 153 миң 872 сому төлөнгөнү Кайгуул милициясынын төрт айда аткарган иштери боюнча өткөн жыйында белгилүү болду.
Бардыгы болуп төрт айда 111 628 протокол толтурулган. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 76 202 учурга көп.
Анын ичинде:
  • мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн — 1122 протокол;
  • айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу боюнча — 1348;
  • маңдайкы жана алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн — 229;
  • автоунаадагы бейбаштык боюнча — 21.
Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 8 150 унаа айып короого киргизилген. Кайгуул милициясы билдиргендей, мындан сырткары, 102 линиясы боюнча жарандардан келген 24 842 кайрылуу тейленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0