Лебединовкада кыз ала качууга шектелген жаран милицияга өзү келди

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭркек адам. Архив
Эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Уурдалды делген кыз 7-майда табылган. Ал милицияга ала качуу болбогонун айтып, окуя боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чүйдүн Лебединовка айылында 25 жаштагы Изят Курбанованы ала качып кетти деп шектелген жаран милицияга өзү келди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, 24 жаштагы Абдумалик Мамаяров 12-майда Аламүдүн милиция бөлүмүнө адвокаты менен кошо келген. Бардык тергөө иш-чараларынан өткөрүлгөн соң бошотулган.
Апаңды да өлтүрүп кетемдеп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Милиция изделген кыз 7-майда Беш-Күңгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылганын белгиледи. Жоголгон кыз ала качуу фактысы болбогонун белгилеп, бул боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканы айтылат.
Эске салсак, 5-май күнү болжол менен 23:00дө Изятты Лебединовканын супермаркетинин жанында күч менен Toyota Estima унаасына салып, алып кетишет. Түнкү саат 02:00дө анын сиңдиси арыз менен милицияга кайрылган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 170 "адамды ала качуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. "Перехват" планы жарыяланып, бардык ички иштер органдарына тиешелүү маалыматтар жиберилген. Милиция ошондой эле шектүүнүн үйүнө барганда ал 5-май күнү кечинде чыгып кеткен бойдон келе электиги аныкталган. Ата-энеси баланын жайгашкан жерин билбестигин, ала качкан кыз менен дос экенин билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0