Чек ара чырында жабыркаган киши көзүнө операция жасаттыруу үчүн Түркияга кетти

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Бейтаптын жолуна, ал жакта жашап турууга жана дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү Кызыл ай коому алган.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Баткен облусунун чек арадагы айылдарына Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркап, Бишкекте дарыланып жаткан кыргызстандыктын көзүнө Түркиядан операция жасаттыруу зарылдыгынан улам бейтап аталган мамлекетке учуп кетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан каза болгон Ражаббай Эгембердиевдин иниси Момун Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Агамдын сөөгү куйкаланып, күлү калыптыр. Максат айылындагы трагедиянын чоо-жайы
Бейтаптын жолуна, ал жакта жашап турууга жана дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү Кызыл ай коому алган.
Бүгүнкү күндө Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын ичинен 25 адам Бишкектеги  Травматология жана ортопедиял илим-изилдөө борборунда, 12 бейтап Улуттук госпиталда, 9 адам Улуттук хирургия борборунда, 6 киши Баткендеги бириктирилген ооруканада, 4 бейтап Лейлектеги, 1 адам Кадамжайдагы ооруканада дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0