Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат

© REUTERS / RODRIGO GARRIDOАйдын тутулушу. Архив
Айдын тутулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Бул кубулуштун өзгөчөлүгү — Ай тутулганда спутник Жерге болушунча жакындап, Айдын шакекчеси адаттагыдан чоң болуп көрүнөт.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Супер Ай" толугу менен 26-майда тутулат. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.
Бул Айдын тутулушунун өзгөчөлүгү — Ай тутулганда спутник Жерге болушунча жакындап, Айдын шакекчеси чоң болуп көрүнөт. Планетарий 2021-жылдагы эң чоң Ай 26-майда байкаларын белгиледи.
Марстагы Ingenuity тик учагы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Марс планетасына алгачкы тик учак кантип конду. Тарыхый сүрөттөр
Жер менен Айдын (перигей) ортосундагы бөтөнчө көрүнүштөр Бишкек убактысы боюнча саат 7:52де башталат. Бирок аны байкоо үчүн аба ырайы жакшы болушу керектиги белгиленди.
Ошол эле учурда жердегилер Айдын толук тутулганын көрө алышат. Бирок Time and Date сайтынын жазганына караганда, аны кыргызстандыктар көрө алышпайт. Айдын тутулуусу Түндүк Американын батыш жээгинде, Тынч океанда, Индонезияда, Австралияда, Азиянын чыгыш жээгинде, Сибирдин түштүк-чыгышында жана Ыраакы Чыгышта байкалат.
Жаңылыктар түрмөгү
0