COVID: 6 адам акка моюн сунуп, 329 киши дартка кабылды. Соңку маалымат

© AP Photo / Pavel GolovkinОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Каза болгон алты кишинин бешөө Бишкекте жана бирөө Чүйдө катталды. Жугуштуу илдет 1 681 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 329 адамдан коронавирус чыкса, алты киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 205;
  • Ош — 9;
  • Чүй облусу — 75;
  • Ош облусу — 3;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 18;
  • Жалал-Абад облусу — 9;
  • Баткен облусу — 3.
Пандемиядан бери расмий түрдө 99 645 кишиден оору чыкты.
Ооруну 309 адамдын жеңгени айтылды:
  • Бишкек — 176;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 86;
  • Ош облусу — 9;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 24;
  • Баткен облусу — 4.
Жалпы айыккандар 92 718 болду.
Каза болгон алты кишинин бешөө Бишкекте жана бирөө Чүйдө катталды. Жугуштуу илдет 1 681 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 1 750 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 468 оор жана 82си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 2 489 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0