Мектепке куралдуу кол салуу: Садыр Жапаров Татарстан элине көңүл айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Кечээ, 11-майда, Казанда 19 жаштагы бала мектеп окуучуларын көздөй ок чыгарып, мунун кесепетинен жети бала көз жумган.
БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салууда каза болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, Казанда 19 жаштагы бала мектеп окуучуларын көздөй ок чыгарган. Мунун кесепетинен жети бала көз жумган.
"Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин көз жумганы жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат Жапаровдун көңүл айтуусунда.
Ошондой эле президент орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0