17:51 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Коом
Кыскача шилтеме алуу
152 0 0

Бул нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны учурунда жарандарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруунун үчүнчү аракети болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ош шаарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүүгө багытталган долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

  • Загрязненная река Ак-Буура в период проливных дождей
    Ош шаарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүүгө багытталган долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Загрязненная река Ак-Буура в период проливных дождей
    Буга чейин нөшөрлөгөн жаандын жана селдин кесепетинен Папан суу сактагычындагы, ошондой эле Ак-Буура дарыясындагы суу булганып, шаардын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран, Достук кичи райондорун, Калинин турак жай массивин жана түштүк борбордун башка бөлүктөрүн суу менен камсыздоодо көйгөй жаралып келген
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүүгө багытталган долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди

Буга чейин нөшөрлөгөн жаандын жана селдин кесепетинен Папан суу сактагычындагы, ошондой эле Ак-Буура дарыясындагы суу булганып, шаардын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран, Достук кичи райондорун, Калинин турак жай массивин жана түштүк борбордун башка бөлүктөрүн суу менен камсыздоодо көйгөй жаралып келген. Мындай абал тез-тез кайталанганы байкалууда.

Муниципалитет долбоор көйгөйдү 80-85 пайызга чечүүгө көмөк болорун, аны ишке ашыруу 2022-жылы башталарын айтууда. Азия өнүктүрүү банкы суу тосмону 2,2 чакырым өйдөрөөк жерге (сел коркунучу бар аймакты айланып өтөт) жылдыруу долбоорун каржылоого макулдук берип, үч миллион доллар бөлгөн.

Заместитель руководителя муниципального предприятия Ошгорводоканал Талант Байкишиев
© Фото / Зульфия Тургунова
"Ош шаардык суу канал" ишканасынын башчысынын орун басары Талант Байкишиев

"Ош шаардык суу канал" ишканасынын башчысынын орун басары Талант Байкишиев шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча кезектеги аракеттер тууралуу айтты.

Анын белгилешинче, 2008-2009-жылдары мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан суу алдындагы суу өткөрүүчү каналдын долбоору ишке ашырылган. Бирок курулуш учурунда шаардык суу чарба ишканасына сын айтылып, ишти токтотуу боюнча сунуштар болгон. Ага карабастан долбоор аягына чыгарылып, бирок натыйжа берген эмес.

2010-жылы июнь окуясынан кийин Ошто "инфильтрациондук галерея" тургузулган. Учурда ал 20-25 пайыз иштеп, натыйжасыз болуп чыкты. Эми АӨБ жаңы долбоорду каржылаганы жатат.

Мэрия кошумчалагандай, суу берүү жыл ичинде 10 жолу үзгүлтүккө учураса, анын сегизи суу тосмону сел бузуп кеткенинен улам болот. Ал эми эки ирет суу сактагычтагы суунун булганганынан токтогон.

Тема боюнча

Баткенде дамба жырылып, 1500 адам эвакуацияланды. Сүрөт
Белгилер:
Ош шаары, мэрия, таза суу, долбоор

ЭҢ МААНИЛҮҮ